Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

ДОЛЛАР ДАГЫ АРЗАНДАДЫ


АКШ долларынын бирдиктүү европалык валюта - еврого карата курсу дагы төмөндөп, туңгуч ирээт бир евро бир доллар кырк беш центке бааланды. Мунун алдында эле АКШнын Улуттук банкы турак жай базарындагы кризистен улам экономикага дем берүү максатында өз үстөк пайызынын өлчөмүн кыскарткан эле. Эксперттер америкалык валюта күчтөнөөрүнүн азырыча белгиси жок экенин айтышууда.

АКШ долларынын еврого карата курсунун төмөндөөсү албетте бүгүн эле чыга калган жаңылык эмес. Жаңылыгы ал улам бир төмөнкү чекти багындырып жатканы. Маселен, ушул шаршемби күнү 1 евро 1 доллар 45 центке бааланды. Британиянын бир фунту болсо азыр 2 доллар 8 центке жетип, акыркы жыйырма алты жыл ичиндеги эң максималдык деңгээлге көтөрүлдү.

Ал эми АКШда Улуттук банк катары эсептелген – Федералдык резерв системасы учеттук ставкасынын же үстөк пайызынын өлчөмүн ушул сентябрь айынан бери экинчи ирээт төмөндөтүп олтурат. Эгер сентябрда ал мунун 0,5 пайызга түшүрсө, ушул шаршемби күнү, 0,25%га же 4,75%дан 4,5%га түшүрдү.

Адистер Федералдык резерв системасынын бул кадамын ипотекалык кредиттер боюнча кризистен улам экономиканы колдоо чарасы катары баалашууда. Бирок, мындай чара өз кезегинде долларга жагымдуу эмес таасирин тийгизүүдө, башкача айтканда анын арзандашына салым кошууда.

Лондондук аналитик Жеймс Хюгес АКШнын Улуттук банкы мындай адамга дагы барышы мүмкүн экенин айтат:

- Кайрадан кыскартууга барыш үчүн бул чейрек пункут менен жыл аягына чейин эле мүмкүнчүлүк бар. Бирок бул албетте келерки айда же ушул айдын ичинде аныкталуучу экономикалык көрсөткүчтөргө көз каранды. Бүгүн же эртең эле жагдайды өзгөртө ала турган чечүүчү көрсөткүчтөр бар. Анткен менен жалпысынан биз жыл аягына карата дагы төмөндөө болорун күтүп жатабыз.

Экономикадагы андай чечүүчү көрсөткүчтөрдүн бири - айыл чарбасынан башка эмгек рыногундагы абал. Өткөн октябрь айынын жыйынтыгы ушул жума күнү белгилүү болот жана ал экономикадагы кырдаалдын жалпы көрсөткүчү катары эсептелинет.

Оптимисттер доллардын нарксызданышына АКШнын соода балансындагы ири тартыштык, башкача айтканда импорттун экспортко караганда көптүгүнүн да салымы бардыгын, бул анын туура эмес бааланышына кошумча болуп жатканын белгилешет.

Экинчилери америкалык валюта үчүн ачуу күндөр али алдыда деп эсептешет. АКШнын Улуттук банкы учеттук ставкасын төмөндөтсө, Европанын Борбордук банкы тескерсинче көтөрүүдө жана көтөрүүнү уланта тургандай. Лондондогу "Capital Economics" тобунун аналитиги Жуллиан Жессоптун пикиринде, мындай жагдай инвесторлордун долларга караганда еврого көбүрөөк кызыгуусун шарттоодо:

- Эгер экономикалык көрсөткүчтөр начар бойдон кала берсе, АКШнын үстөк пайызы дагы төмөндөйт. Ошол эле учурда Европанын Борбордук банкы үсток пайызды дагы көтөрүшү мүмкүн, инфляция көрсөткүчүнүн күтүлгөндөн жогору болушу да муну ишара кылууда. Демек үстөк пайыздагы айрымачылыктар долларга терс таасирин тийгизген бойдон калат. Биздин божомолдо келерки жылдын башына карата бир евро 1 доллар 50 центке чейин барат.

Айтор, аналитиктер арасында доллар дагы канчага чейин төмөндөөрү же качан канчага көтөрүлөөрү боюнча ар кандай божомолдор болгону менен соңку айлар ал арзандоо багытында гана бара жатканын көргөзүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG