ЖАЛАЛАБАТ. Калемгерлер журналист Алишер Саиповдун атып өлтүрүлүшүн аны биерде Өзбекстан ислам кыймылынын башчысы Тахир Юлдашев жана “Хизб-ут тахрир” уюму менен байланыштырган маалыматтарга ишенбей тургандыктарын жана аны текшерүү керектигин билдиришти. Соңку учурларда журналисттерге кол салуу күчөп баратканына тынчсыздануулар айтылды. Алар менен адам укугун коргоочулар сөз жана басма сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканын белгилөө менен калемгерлер ичара кайдыгерликти жоюуга чакырышып, Саиповду аткандарды таап, өз ара тартуу тууралуу коопсуздук кеңеши менен Улуттук коопсуздук комитетине жана ички иштер министрлигине кайрылуу кабыл алышты. (YA)