Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

ЖЫПАРГҮЛ АРЫКОВАНЫН АДВОКАТЫ АНЫ ЖАКТООДОН БАШ ТАРТТЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек Тыңчылык кылды делип шектелип УКМК абагында жаткан парламенттин басма сөз кызматынын кызматкери Жыпаргүл Арыкованын адвокаты Айжан Касымалиева бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, өнөктүшү Нина Зотованын «Дело№» гезитине берген маегине капа болуп, Арыкованы жактоодон баш тартты. Гезиттеги макала боюнча адвокаттын мындай кадамга барышына негиз деле жок, дешет Арыкованын ата-энеси. Ал эми «Садыков жана анын шериктери» юридикалык компаниясынын жетекчиси Нурлан Садыковдун айтымында, адвокаттык этика боюнча жактоо ишин чогуу алып барып аткан өнөктөштөр катуу карама-каршылыктарга туш келгенде гана бирөөсү баш тартууга мүмкүн экендигин айтты.

Жыпаргүл Арыкова үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан тыңчылык кылган, делип шектелип кармалганда, Коопсуздук кызматы адвокат Айжан Касымалиеваны аны жактоого сунуштаптыр. Ошол күндөн баштап Арыкованы иши менен алектенип келаткан адвокат, аны жактоодон баш тарткан себебин мындайча чечмеледи.

- Жыпара Арыкованы жактоодон баш тартканымдын себеби, экинчи адвокат Нина Зотованын 31-октябрдагы «Дело№» гезитиндеги чыккан статьясында биринчи адвокат тарабынан Жыпаргүл Арыкованы жактоодо тийштүү иштер аткарылган эмес жана тийиштүү арыздар берилген эмес, дегенин мен негизсиз деп эсептейм.

Айжан Касымалиева өнөктөшү адвокат Нина Зотова гезиттеги макаласында анын кадыр баркына, ар намысына жана абройуна шек келтирди, деп эсептеп, Жыпара Арыкованы жактоодон баш тарктан.

Ал эми Жыпаргүл Арыкованын атасы Турдубек Арыков укук коргоочулардын сунушу менен кызын жактоого экинчи адвокат кылып Нина Зотованы өздөрү жалдашканын билдирип, «Дело №» гезиттиндеги макалада Касымалиеванын абройуна шек келтирүүчүдөй сөздөр айтылбаганын айтты.

Арыкованын апасы Тамара дагы кызынын жактоочусунун мындай кадамга барганын туура көргөн жок. Турдубек Арыков болсо ишенген адвокаттардын орто жолдо араса калтырганына жаны кейип турганын жашырган жок.

- Айжан Касымалиеванын баш тартышы туура эмес эле болуп калды. Ал жакшы эле иштеп аткан. Кызыбызга тамак-аш киргизип, дары-дармектерине чейин жардам берип аткан.Эмне болуп калды билбейм Эми «эки дөө кармашса, ортосунда кара чымын кырылат», дегендей кызыбыздын кийинки тагдыры кандай болот деп сарсанаа болуп турабыз.

«Садыков жана анын шериктери» юридикалык компаниясынын жетекчиси Нурлан Садыковдун айтымында, адвокттык этика боюнча бир ишти чогуу алып барып жаткан адвокаттар бир пикирге келише албай, катуу карама-каршы болушканда гана бирөөсү кетүүгө мүмкүн.

- Негизинен адвокат бир ишти алгандан кийин жабырлануучу тарап өздөрү баш тартмайынча аягына чейин алып барышы керек. Бирок адвокаттык этикада эгерде бир ишти алып барып жатышкан жактоочулар катуу конфиликтке барышса, бирөөсү иштен чыгууга болот. Ал эми андай катуу конфиликт болбогондон кийин иштен чыкканга адвокаттын укугу жок.

Садыков белгилегендей Жыпара Арыкованын адвокаттарынын ортосунда катуу карама-каршылыктар деле болгон эмес.

Жыпаргүл Арыкованын иши боюнча эч кандай кысым болбогонун билдирген Айжан Касымалиева бул окуяда эч кандай саясий боектор жок экенин, Коопсуздук кызматы менен кызматташпагынын белгиледи. Ал эми экинчи адвокат Нина Зоотова менен байланышып анын пикирин билүүгө эч бир мүмкүнчүлүк болгон жок.

XS
SM
MD
LG