Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

МАКАОДО КЫРГЫЗCТАНДЫК СПОРТЧУЛАР 2 АЛТЫН, 5 КҮМҮШ МЕДАЛЬ УТТУ


26-октябрдан 3-ноябрга чейин Кытай Эл республикасынын Макао өлкөсүндөгү жабык имараттардагы Экинчи Азия оюндарына 32 мамлекеттин командасы катышып, баш байгени кытайлык спортчулар жеңип алышты. Борбор Азиядан Казакстан өлкөсү бешинчи орунду ээледи. Кыргызстандык спортчулар өлкө тарыхында алгачкы ирет жабык имараттардагы Азия оюндарында 2 алтын, 5 күмүш медаль утуп алышты.

Жабык имараттардагы Азия оюндары быйыл экинчи ирет өткөрүлүп, ага Азия аймагындагы 32 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Мында имарат ичинде ойнолуучу спорттун 25 түрү боюнча мөрөй талашуу болду. Негизинен Азия элдерине таандык элдик оюндар жана кытайлыктар ойноп жүргөн спорт түрлөрү басымдуулук кылды.

Жабык имараттардагы Азия оюндарына Кыргызстандын улуттук командасы алгач ирет катышты. Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчиси Бектур Асановдун айтымында каражаттын тартыштыгынан кыргызстандыктар сууда сүзүү, жеңил атлетика, кикбоксинг жана футзал боюнча мелдештерге катышып, азыноолак ийгиликтерге жетишти.

Макаодогу Азия оюндарынын программасына кикбоксинг көрсөтмөлүү мелдеш катары кирди. Мында кыргызстандык кикбоксчулар таанылып, ийгилик жарата алышты. 71 кг салмактагы булгаары мээлей чеберлеринин таймашуусунда Кыргызстандын көп жолку чемпиону Сталбек Дарканбаев бардык атаандаштарын жеңип, өлкө тарыхында алгач ирет жабык имараттардагы Азия оюндарынын чемпиону аталды.

Кыз-келиндердин кикбоксинг таймашуусунда Азия чемпиону Юлия Борисова алтын байгенин ээси болуп, анын жеңишинин урматына Кыргыз туусу обого көтөрүлүп, гимн ойнолду.

Макаодогу имараттардын ичинде өтүп жаткан экинчи Азия оюндарынын кикбоксинг таймашуусунда кыргызстандык Мирбек Сүйүнбаев, Ален Офойо, Кумар Жалиев жана Мирлан Ибраимов финалга чейин жетишип, күмүш медаль тагынып келишти.

Макаодогу Азия оюндарынын сууда сүзүү мелдештерине кыргызстандык суучулдар Азия чемпиону Юрий Захаров менен Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Василий Данилов катышты. Василий Данилов 200 метрге жарышта марага төртүнчү болуп келсе, 100 метрге эркин сүзүүдө экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды. Ал эми Юранын жолу болбой, финалдык топко кошулганы менен ийгиликке жете албады.

Макаодогу имарат ичиндеги жеңил атлетика жарыштарына Кыргызстандын намысын үч жөө күлүк коргоду. Кыргызстандын чемпиону Денис Багрев 1500 жана 3000 метрге жарыштарда финалдык топко кошулганы менен марага жетинчи болуп келди. Кыз- келиндердин 800 метр жарышында бишкектик Анна Плюшкина мыктылардын сабына кошула албады.

Ал эми 400 метрге жарышка түшкөн кыргызстандык Алексей Погарелов өз тобунда үчүнчү болгону менен ийгилик жарата албады.

Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук тандалма командасы Азияда мыктылардын сабында жүрүшкөнү менен Макаодогу имарат ичиндеги Азия оюндарында да күчтүү атаандаштарга туш болду. Биринчи беттешүүдө эле Ливандык футболчуларга 1:0 эсебинде жеңилип калышты. Андан кийинки атаандашы Азиянын көп жолку чемпиону Ирандын командасы кыргызстандык футболчуларды 9:1 эсебинде жеңилүү ызасын тарттырды. Индонезия менен беттешүүдө дагы 3:2 эсебинде кыргызстандыктар утулуп калып, мыктылардын сабына кошула албады. Ошондой эле алар Сауд Арабиянын командасына дагы утулуп, өз тобунан чыга албай, мыктылардын сабына кошула албады.

Макаодогу имарат ичинде өткөн экинчи Азия оюндарынын футзал таймашуулары тууралуу Кыргызстандын футзал ассоциациясынын вице- президенти Адылхан Бекболотов мындай деди:

- Футзал боюнча мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Биздин командабыздын атаандаштары күчтүү командалар болду. Биз бул оюндарга атайын жаштардын тандалма командасын сыноо үчүн жиберген элек. Мурда биздин тандалма команда утуп жүргөн өлкөлөргө жеңилип, алар ишенимди актай алышпады.

32 өлкөнүн спортчуларынын Макаодогу күч сынашуулардын жыйынтыгында кытайлыктар 52 алтын, 26 күмүш, 24 коло мелаль женип алуу менен командалык эсепте биринчи орунда ээледи. Экинчи орунда Тайланд өлкөсү болуп, алар 19 алтын, 27 күмүш, 22 коло байгелүү болушту. Гонконгдун спортчулары үчүнчү орунду камсыз кылышты. Түштүк Кореянын командасы төртүнчү болсо, Борбор Азиядан Казакстан таанылуу менен алар 9 алтын, 20 күмүш, 13 коло байгелүү болушту.

Спорттук имараттардагы экинчи Азия оюндарынын салтанаттуу жабылыш аземи 3-ноябрда бүгүн кечинде болмокчу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG