Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Шейшемби күнү Бишкекте элдик таланттардан түзүлгөн, 1983-жылы Польшада өткөн тоолуу өлкөлөрдүн фольклордук ансамблдеринин эл аралык фестивалынын лауреаты “Жылдыз” ыр-бий ансамбли 25-жылдык жолугушуу кечеси өттү.

Аталган ансамбль 1982-жылы Таластын Кара-Буура аймагында эл ичинен тандалган таланттардан түзүлгөн. Анда алтымыштан ашык өнөрпоздор эмгектенишип, жер-жерлерди кыдырышып концерттик программмасын тартуулашкан. 1983-жылы Польшада өткөн “Тоолу өлкөлөрдүн фольклордук ансамблдеринин” эл аралык 15-фестивалына СССРдин атынан жолдомо алган. Фестивалда кыргыз өнөрпоздору кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын чагылдырган, фольклордук чыгармалардан турган жарым сааттык концерттик программа тартуулап, ийгилик менен кайтып келишкен. Мына ушул ансамблде кыргыз эл артистери Шахра Талипова, Саламат Садыкова жана башка белгилүү көркөм өнөр чеберлери эмгек жолун башташкан. 1990-жылдары ансамбль ар кандай себептер менен жоюлуп кеткен. Бирок учурда анын негизинде түзүлгөн элдик театр иштөөдө деп билдиришти ансамблди негиздөөчүлөр.

Бул жумада Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улутттук академиялык драматеатрында румын драматургу Эжен Ионесконун чыгармасына коюлган “Макбет” спектаклинин бет ачаары болду. Абсурддук жанрдагы бул спектаклде коомдук түзүлүш, бийлик үчүн күрөш, байлык талашуу, карапайым эл менен бийлик адамдарынын кагылышуусу чагылдырылат.

- Оюндагы окуялар бүгүнкү күндө өлкөдө болуп жаткан окуялар менен үндөшүп кетет, андыктан театр күйөрмандары үчүн түшүнүктүү, ал гана эмес ойноп жаткан актерлор үчүн да кызыгууларды жаратууда- дешет артисттер.

Спектаклди коюу үчүн өкмөттөн каражат бөлүнгөн эмес, баардык чыгымдарды театр өзү көтөргөн. Оюнду коюуучулардын айтуусунда жалпы чыгым 30 миң сомду түзгөн.

Ушул күндөрү Бишкекте Орусиядан жана Казакстандан келген цирк өнөрпоздорунун оюну өтүүдө. «Күзгү майрам» аттуу бул программанын алкагында маскарапоздордун тамашалары, үй жаныбарларынын оюну жана бий номерлери камтылган.
Сырттан келген артисттер кыргыз өнөрпоздору менен да иштешип, тажрыйба бөлүшүп, биргелешип оюндарды даярдашкан. Оюн 11-ноябрга чейин созулат.

2-ноябрда Ысыккөлдүн Барскоон айылында төкмө акындардын респбликалык айтышы башталды. Анда баардыгы болуп өлкөнүн дубандарынан тандалган жана мурунку айтыштарда баш байгени жеңип алган 26 акын ат салышууда. Сынак бүгүн жыйынтыкталып, баш байгенин ээси аныкталат. Айтыштын байге фонду 500 миң сом, ал эми баш байгенин ээсине автомашина ыйгарылат.
XS
SM
MD
LG