Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

ТҮРКИЯНЫН ЖИКЧИЛДЕРГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮ АЧА ЖОЛДО


Журналист Алишер Саиповтун адам колдуу болушу Кыргызстан менен Өзбекстанга карата болгон эл аралык кысым күчөүп бараткандыгын билдирет деп жазды Eurasia View вебсайты. Евробиримдик 31- октябрда бир билдирүү жарыялап, Кыргызстанды кылмыш менен байланыштуу тергөө жумуштарын кылдат жүргүзүүгө чакырган.

Лондондун Independent гезитинде чыккан бир макалада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен анын мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевтин ортосунда ырбап бараткан чатак тууралуу жазылган. Анда Рахат Алиев мурдагы кайнатасы Нурсултан Назарбаевди оппозициялык саясатчы Алтынбек Сарсенбаевди атып өлтүрүүгө буйрук берген деп айыптагандыктан, Назарбаевдин үй бүлөсүндөгү чыр-чатак абдан курчуп кеткени айтылат.

Түркиялык басылмаларда кийинки аралыкта негизги тема ПКК жикчил тобуна каршы күрөш жөнүндө болуп жатат. Бул күрөштө батыш өлкөлөр, анын ичинде эң оболу АКШнын ойноп жаткан ролу жөнүндө болууда. Аптанын акырында Иракка кошуна өлкөлөрдүн тышкы иштер министирлеринин конференциясында кожоюндук кылган Түркиянын премьер-министри Режеп Таййип Эрдоган бүгүн Вашингтондо президент Жорж Буш менен бул маселени сүйлөшкөн жатат. Түркиялык басма сөздөрдө, мындан 2 жумадай илгери ПККнын согушчандары тарабынан качырылып кеткен 8 аскердин жуманын акырында бошотулушу муштумдуу кабар катары берилип, айрым серепчилер ПККнын аскерлерди бошотуп жиберүүсү менен Эрдогандын Вашингтонго саякатка баруусунун бирдей учурга туш келүүсүнүн артында жаткан кереметтин жандырмагын издешүүдө.

Жуманын аягында Стамбулдагы конференцияга катышкан АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райстын ПККге каршы күрөштө АКШнын Түркияга жардам бере турганын билдирүүсү Түркиянын ырасмий чөйрөлөрүндө анча ишенимдүү кабыл алынбаганын билдирген NYT гезити, Ирактын дагы Түркияга бул жаатта берген убадалары Түркиялык тарапты анча канааттандырбаганын белгилейт. Ошондой эле бардык маселелер Дүйшөмбү күнү Вашингтондо Президент Жорж Буш менен Режеп Тайып Эрдогандын сүйлөшүүсүндө кеңири талкууга алынып, Түркиянын Түндүк Иракта аскердик операция жасоо маселесинин тагдыры ошол сүйлөшүүлөрдө чечилиши ажеп эмес экени билдирилет.

Waшington Post гезити дагы Стамбулдагы конференциянын жыйынтыгы тууралуу ой толгоп, АКШнын жана Ирак өкүмөтүнүн ПККге каршы күрөш боюнча Түркияга берген убадалары оңой-олтоң иш жүзүнө аша турган убадалар эмес экенине көңүл бурган. Түндүк Ирактагы аймактык өкүмөттүн куралдуу күчтөрүнүн көбү күрд улутундагылардан турганын эске салган гезит Ирактын борбордук өкүмөтүнүн дагы түндүктөгү тоолуу аймактарда ПККге каршы күрөш жүргүзө алчу күчү жок экендигин билдирет.

Так ушул маселеге токтолуп Los Angeles Times гезити дагы Ирактын түндүгүндөгү пешмерге аталган күрттөрдүн өз тегиндеги ПКК согушчандарына каршы күрөшүүсү кыйын маселе экенин билдирет.
XS
SM
MD
LG