Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

15:50 Адвокат Айжан Касымалиева Жыпаргүл Арыкованы жактоону кайрадан улантат


Айжан Касымалиева “Азаттыкка” бул ишти улантуу үчүн бүгүн Биринчи май райондук сотуна барып уруксат алаарын, Жыпаргүл Арыкова менен сүйлөшөөрүн айтты. “Жыпаранын апасы ыйлап атат, анан мен чындыгында эки күн ойлондум. Зоотовага өчөшкөндөн эч нерсе чыкпайт. Жыпара үчүн, эне-атасы үчүн бул иштин аягына чыгам” деди, А. Касымалиева. 2-ноябрда Айжан Касымалиева өнөктөшү Нина Зоотованын Ж. Арыкованын жактоодо тийиштүү иштер аткарылган эмес деп айткандарынан улам бул иштен баш тартканын билдирген эле. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын кызматкери Жыпаргүл Арыкова 19-июндан тарта тыңчылык кылган деген айып менен Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитеттин абагында отурат. (EBM)

XS
SM
MD
LG