Жорж Буш менен Режеп Тайып Эрдогандын кездешүүсүндө Ирактын түндүгүндөгү күрд согушкерлерине каршы чара көрүүнүн жолдору талкууланмакчы. Түрк расмий өкүлдөрү бул кездешүүнү Түркиянын Күрд жумушчу партиясы – ПККнын Ирактын түндүгүндөгү согушкерлерине каршы багытталган аскерий операциясын алдын алуунун акыркы мүмкүнчүлүгү катары мүнөздөшүүдө. АКШ мындай чара регионду дестабилдештириши мүмкүн экенин эскертип, Түркияны ага барбоого чакырып келген.