Бейрасмий булактар ырастагандай, Ирандын экономикасы ушу тапта ансыз да өйдөлөө жагында эмес. Өкмөт өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээли 11% деп билдиргени менен, көз карандысыз адистердин баамында, жумушка жарамдуу калктын дээрлик 20%ы ишсиз. Инфляциянын деңгээли ырасмий маалыматтарда айтылгандай 17% эмес, иш жүзүндө 30%га жетет, деп эсептешет Иран боюнча эксперттер.
Азырынча Улуттар уюму пландаштырып жаткан экономикалык санкциялар Иранга кандай таасир этээри белгисиз. Ал тапта АКШ Улуттар уюмуна караганда кыйла катаал экономикалык чаралар киргизгенин жарыялады. Андай чаралар аркылуу Вашингтон кандай максатты көздөп жатканына АКШнын коргоо министри Роберт Гэйтс 5-ноябрда Бэйжиндеги маалымат жыйынында токтоло кетти:
- Биз Иран өкмөтүнүн жүрүм-турумун, саясатын дипломатиялык жолдор аркылуу өзгөртүү боюнча аракеттерди улантуу абдан маанилүү иш деп макулдаштык. Андан сырткары күчөтүлгөн экономикалык кысым көрсөтүлсө, Иран өкмөтүнүн талылуу маселелер боюнча чечим кабыл алуу ыкмасын өзгөртүүгө салым кошулат деп өзүмдүн пикиримди айттым.
Улуттар уюмунун, ага кошумча АКШнын экономикалык санкциялары Ирандагы бааларга таасир этээри талашсыз. Ушул күндөрү башка көпчүлүк өлкөлөрдөгүдөй эле Иранда да тамак-аш жана башка эң керектүү товарлардын баасы күндөн-күнгө кымбаттап, карапайым калктын жашоо-турмушун кыйындатып турган чак.
1-ноябрдан тарта күчүнө кирген АКШнын жаңы санкцияларына ылайык, Ирандык 20 бизнесмен жана компаниянын, алардын ичинде өлкөдөгү эң ири 3 банктын Америкадагы бардык ишмердигине тыюу салынат. Иран боюнча Париждик эксперт Ферейдун Хаванд мындай чара Иран менен соода жүргүзүүнү өтө татаал ишке айлантат деп белгилейт. АКШнын санкциялары киргизилгенден тарта бир катар чет элдик алдыңкы банктар Ирандык компаниялар менен жарандарга насыя берүүнү токтотуп, атүгүл Ирандын жарандарына банкта эсеп ачуудан баш тарткан учурлар катталган. Париждик эксперттин айтымында, АКШнын санкцияларынан улам Ирандагы мунай компаниялары менен иштеген чет элдик фирмалар да зыян тартып, жалпы мунай базарындагы кырдаалга таасир этип, анын залакасын Америка өзү да тартып калышы ажеп эмес.
Ошол эле маалда жаратылыш ресурстарына бай Иран кымбаттап кеткен мунайдын эсебинен кандай болбосун тышкы экономикалык санкцияларга туруштук бере алат деп эсептегендер да жок эмес. Андайлар аз, көпчүлүк Дүйнөлүк банктын мурдагы кеңешчиси, убагында Ирандын экономика министри болуп иштеген Багер Алихани сыяктуу Кошмо Штаттардын экономикалык чаралары абдан натыйжалуу чара болоруна ишенет. Алихани эгерде АКШ Иранга кол салып, бомбалап баштаса, ошондо анык тескери натыйжага туш болуп, ирандыктардын баары Тегерандык азыркы жетекчиликти колдоп, Америкага каршы бирдиктүү күчкө айланмак деп эскертет.