Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

ГРУЗИЯДАГЫ ОКУЯЛАР КЫРГЫЗСТАНДА КАНДАЙ ЧАГЫЛДЫРЫЛДЫ?


Грузияда болуп жаткан саясий окуяларды Кыргызстанда саналуу гана маалымат каражаттары чет элдик булактардан алып учкай гана чагылдырууда.

Грузияда оппозициянын тарапкерлери президенттин кызматтан кетишин жана парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып, мамлекеттик мекемелердин алдында саясий акцияларды уюштурууда. Коюлган бу талаптарды четке кагып, Саакашвили шайлоо конституцияда белгиленген мөөнөттө - эмдиги жылдын күзүндө өтөрүн, анда президент да, парламент да шайланарын билдирүүдө.

Грузияда болуп жаткан саясий окуяларды Кыргызстанда саналуу гана маалымат каражаттары чет элдик булактардан алып учкай гана чагылдырууда. «24.kg» маалымат агенттиги, КТР, «Бешинчи канал» телекомпаниялары, «Вечерний Бишкек», «МСН» гезиттери Грузиядагы окуяларга орун берди. Улуттук сыналгы (КТР) Euronews жаңылыктарын кыргызча которуп көрсөтөт. Анын соңку берүүлөрүндө Грузиядагы окуялар да кошо көрсөтүлдү. Ал эми «5-каналда» жаңылыктардын соңунда эл аралык окуялардын обзорунда Грузиядагы окуялар кыскача айтылууда. Ал эми «МСН», «Вечерний Бишкек» гезиттери Интернеттен алып чагылдырган эл аралык окуялардын арасында Грузиядагы оппозициянын митинги тууралуу жаңылыктарга да орун берилиптир. «24.kg» маалымат агенттиги Грузиядагы окуялар жөнүндө Германиянын «Frankfurter Algemeine» гезитине чыккан макаланы көчүрүп чыгарды.

Ошол эле учурда Кыргызстандагы жаңылыктар боюнча эки ири интернет сайт- «Аки пресс» да, «Кабар» да соңку жумада бир да жаңылык чыгарышпаптыр. «Аки Прессте» бир жаңылыкта гана Грузияда саясий акциялар өтүп атканы жөнүндө грузиялык эксперттин бир ооз сөзү жүрөт. (KCh)
XS
SM
MD
LG