Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

АЗИЗА АБДРАСУЛОВА: БИЙЛИК РЕПРЕССИЯ ЧАРАЛАРЫН ТОКТОТУШУ КЕРЕК


Кыргызстанда бүгүн Сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерип жатышат. Бул эскерүүнү курмандыктардын сөөгү жаткан “Атабейит” комплексинде бир катар бей өкмөт уюмдары уюштурган. Алардын бири “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова аталган акция саясий репрессиялар токтотулсун, кайталанбасын деген ниетте азыркы бийликке карата жумшак кайрылуу экендигин баса белгиледи.

-Азиза айым, бүгүн 1930-жылдардагы репрессия курмандыктарын эскерүү акциясы болот экен. Ошол репрессия убагында Кыргызстанда канча адам курмандыкка чалынган. Алардын эң көрүнүктүүлөрү тууралуу айта кетсеңиз?

- Биздин муун Сталиндик убактагы репрессияны жакшы билбей калдык, ошол тарыхты бизге окутпай калды. Биз качан гана Кыргызстан өзүнүн эгемендүүлүгүнө жетип, “Атабейит” комплекси курулгандан кийин гана ушундай өтө өкүнүчтүү окуялар болгонун окуп, билип, артыбызга өкүнүчтүүлүк менен кылчайып кайрылдык. Ошого карабастан репрессияга кабылган, куугунтук болгон кыргыздардын жарандарын эстеп жүрүүнү ылайык көрөбүз, тарыхты эч канчан унутпашыбыз керек. Ошолордун арасында Жусуп Абдрахмановдун, Төрөкүл Айтматовдун аттары аталып келатат. Бизге жеткен тарых маалыматтарына караганда 5- жана 7-ноябрда эки күн атуу болгон. 137 адам атылган. 37-жылдагы репрессияга быйыл 70 жыл болуп калды.

-Репрессия 30-жылдары эмес, ал Октябрь революциясынан кийин башталган дегени белгилүү. Ошол граждандык согуш катары эле сыпатталып келген. 30-жылдардагы репрессия революцияда адам өмүрүнүн кыпынга турбай калганын ырастайбы, же башка бир себептери барбы?

- Албетте,17-жылдагы революциядан кийин граждандык согуш, андан кийинки биздин Орто Азияда кеңири жайылган басмачылар менен күрөшүү дегендер жайылтылган. Ошонун арасында көпчүлүгү эле репрессия катары болгон, колунда бардар, же өзүнүн улуттук каада-салтын, улуттук кызыкчылыктарды коргогондор ошол кезде душман катары тартылып турган.

-Демек, аларды дагы тарых алдында реабилитациялоо керек го анда?

- Биз убагында ушулар жөнүндө билбей, биз таптакыр башка тарыхтарды окуп калганбыз. Башканы айтпаганда, 1916-жылкы Боом капчыгайында атылгандарды да билбей калдык да, мына тарых баарын эртели-кечпи ордуна коет экен да. Бул жерде силер эң туура белгилеп кетип атасыңар, бир эле Атабейиттегилер эмес, мындайлардын көчүлүгү кийинки муундагыларга белгисиз болуп калган ата-тектерибиз бар. Тарых алдында ошолордун аты аталып, реабилитация болуп, кийинки муундар эскере жүрсө аябай жакшы болот эле.

-Азиза айым бүгүн коммунисттер дагы Октябрь революциясынын 90-жылдыгын белгилешет. Алардын репрессияга, революцияга көз карашы башкача. Ушул муундар ортосундагы карма-каршылыкты кантип жоюуга болот?

- Бул өтө деле чоң карама-каршылык болуш керек эмес. Биз тарыхтагы жаман болгон окуяларды дайым эскерип, эч кимди унутушубуз керек эмес. Ошол эле убакта тарыхтагы жакшы нерселерди эскере жүрүшүбүз керек. Советтер союзу жалаң эле жаман нерселерди эмес, жакшы нерсени да берген. Ошол жакшы жактарын да айта жүрүп, бирок адилеттүүлүк үчүн кемчимликтерди, ушундай репрессияларды эскере жүрсөк, ошондо кийинки тарых үчүн да жакшы болмок. Жакшы нерселерди көп жасап, жаман нерселерди кайталабай тургандай деген тилектерибиз бар.

-Азыркы кырдаалга келсек. Кыргызстанда диктатура орной баштады деген билдирүүлөр дагы жок эмес. Сиздин оюнузча бизде азыркы шартта мүмкүнбү ушундай окуя болушу?

- Диктатура орной баштады деп биз деле жарандык коомдун өкүлдөрү жакында чогулганда айттык авторитардык режимге келип калдык деп. Биз ойлойбуз азыркы бийлик эч качан репрессия, куугунтук жолдорун колдонушу керек эмес. Бирок ошого карабастан мен өкүнүчтүүлүк менен белгилегим келет, ГКНБнын подвалдарында өз оюн билдирип койгондор отурушат. Ошол эле убакта биздин коңшу мамлекеттерде биздин бир нече жарандарыбыз качып жүрүшөт. Ошол акырындык менен кандайдыр бир чоң репрессияга айланып кетүү коркунучуна алып барбасын деген да тилектерибиз бар. Бул азыркы бийликке дагы биздин жумшак кайрылуубуз. 30-жылдарды, өткөн убактарыбызды эстейли, ошого барбайлы деген биздин кайрылуубуз болуш керек.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG