Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Грузияда чукул кырдаал абал киргизилди


Грузиянын президенти Михаил Саакашвили өлкөгө чукул кырдаал абал киргизди. Бул тууралуу Грузиянын премьер-министри билдирди. Өкмөт башчы Зураб Ногайделинин айтымында, президенттин буга байланыштуу жарлыгы 48 сааттын ичинде парламенттин жактоосуна жиберилет. Бүгүн Тбилисиде полиция өлкө парламентинин имараты алдына чогулган оппозиция акциясынын катышуучуларын күч менен тараткан болчу. Аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ, суу бүркүгүчтөр колдонулду. Айрым кабарларга ылайык, кечке жуук полиция желим ок дагы колдонгон. Анын аралыгында, Тбилисиде көз карандысыз “Имедиа” сыналгысына полициянын атайын тобу кирип келип, каналдын ишмердүүлүгүн токтотту. Ушул тапта аталган каналдын журналисттери имараттын ичинде кармалып отурат. Тбилисиде 2-ноябрда башталган нааразылык акцияларында алгач мөөнөтүнөн мурун парламенттик шайлоонун өткөрүлүшү, шайлоо системасы өзгөртүлүшү талап кылынган. Кийинчерээк оппозиция президент Михаил Саакашвилинин отставкасын талап кыла баштаган.

XS
SM
MD
LG