Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

ДОЛЛАР КАЙРАДАН АРЗАНДАДЫ, БУЛ ИРЕТ КЫТАЙДЫН АРКАСЫНДА


Америкалык доллардын еврго карата курсу шаршембиде дагы бир тарыхый чекке төмөндөдү. Адистер бул жолку төмөндөөнү кытай расмий өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө байланыштырып жатышат. Алар өлкө өзүнүн чет элдик валюта резервин жалгыз эле долларга байлабай, диверсификациялаш керектигин каңкуулашкан эле.

Оболу Кытай парламенти – Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын төрага орун басары Чэн Сивэй Пекиндеги конференцияда америкалык доллар нарксызданып жатканын эске алуу менен өлкө өзүнүн валюталык корун тең салмактоосу зарыл экенин белгилеген эле. Андан соң Кытайдын борбордук банкынын вице-президенти Ху Сяолянь доллар глобалдык валюта катары макамын жоготуп бара жатканын айтып өттү.

Кийинчерээк парламент төрагасынын орун басары анын сөздөрү Кытай эми еврону көбүрөөк сатып алат дегенди билгизбегенин кошумчалаганы менен ага чейин айтылгандар эле эл аралык базарда бир еврону туңгуч ирээт бир доллар 47 центке чейин көтөрдү.

Дүйнөдөгү азыркы тенденция - борбордук банктар доллар менен сакталган акчаларын башка активдерге алмаштыруунун жолдорун издеп жаткан кез. Андыктан, ушундай шартта Кытай сындуу өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрүнүн айткандары акча базарын алдастатары шексиз.

Роберт Уард ( Robert Ward) - Лондондогу "Economist Intelligence Unit" уюмунун аналитиги:

- Дүйнөлүк резервдик валюта катары доллардын макамы боюнча суроолор келечекте чыгышы керек. Мунун артында турган айдан ачык фактор - доллардын наркына байланышкан белгисиздик. Азыр ал бир топ алсыз. Андыктан, өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө ар кандай чаралар менен долларды ири өлчөмдө кармап турган борбордук банктар азыр ойлоно баштаган кези.

Эл аралык резервдерин доллардан башка валютага диверcификациялап жаткан борбордук банктардын арасында Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүкү да бар. Адистердин эсептөөсүндө, азыр дүйнө өлкөлөрүнүн валюта резервдеринин 65% доллар менен. Бул акыркы он жылдагы эң төмөнкү деңгээл. Ал эми евронун чет элдик валюта резервиндеги өлчөмү 25%дан ашып калды.

Бирок адистер белгилешкендей, бул борбордук банктар доллар менен кармагын акчанын жалпы өлчөмүнүн эмес, үлүшүнүн гана азайуусу. Доллар азыр деле борбордук банктардын резервинде үстөмдүк кылат, себеби эл аралык валюталар боюнча резервдин өлчөмү өсүү үстүндө.

Андыктан башка валютага көчүү, банктар доллар менен сакталган активдерин сатып жатат дегенди туюндурбайт. Маселен, Кытайдын валюталык резерви азыр 940 миллиард доллар деп эсептелинет. Лондондук аналитик Роберт Уарддын пикиринде, кандай чара болсо да, Кытай сындуу өлкөлөр акырындык менен көрөт. Себеби доллардын арылуу деген жүйөө менен эле шашылыш аракеттенгендик өз инвестициясын өзү жоготкондука барабар:

- АКШ өтө маанилүү экспорттук базар. Сиз кытай расмий өкүлдөрү жогорудагыдай билдирүүлөрдү утур-утур уккан шартта да, чет элдик валюта резервин өзгөртүү боюнча саясат акырындык менен жүрөт. АКШны саясий жактан таарынтуу же доллардын азыркыдан ылдам нарксызданышы үчүн чара көрүү - Кытайдын кызыкчылыгындагы иш эмес. Узак мөөнөттөн алганда чет элдик валюта резервин доллардан арылтуу тенденциясы болорунда менин шегим жок, бирок кыска мөөнөттөн алганда жараян өтө жай жүрөт.

Лондондук аналитик Роберт Уард кошумчалагандай, нарксызданып жатканына карабай доллар эл аралык резервде үстөмдүк кылган валюта бойдон калуусун уланатат, бирок келечекте евронун да доору келиши керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG