Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:33

8:35 Коопсуздук кеңешинин катчысы Франциянын ТИМ өкүлү менен жолукту


Франциянын тышкы иштер министрлигинин аскер жана коргонуу кызматташтыгы башкармалыгынын жетекчиси Эммануил Бет менен жолугушуу учурунда Коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов эки тараптык аскердик кызматташуу жакшы өнүгүп келе жаткандыгын белгиледи. Ал Франциянын терроризмге каршы күрөшү, анын ичинде Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууга кошуп жаткан салымы жана аскердик кызматташуу багытында Кыргызстанга берип келе жаткан жардамы үчүн ыраазылык билдирди жана ошондой эле мындан ары да кызматташуу улана берерине ишенерин билдирди. Токон Мамытов эки өлкөнүн ортосунда аскер кызматкерлерин, аскердик медицина кызматкерлерин тажрыйба алмаштырууну сунуштады. Эммануил Бет өз сөзүндө мындай сунушту колдоого даяр экендигин билдирди, деп кабарлайт президенттик басма сөз кызматы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG