«Заман Кыргызстан» гезити кыш жакындаган сайын бишкектиктерди түйшөлтчү дагы бир маселе «пробка» деп аталган маселе келип чыгарын, акыркы кездери шаардын негизги көчөлөрү автоунаалардын тыгындысына толо баштаганын, ал эми бул маселени чечүү үчүн айланма жолдор курулат деген убадалар аткарылбай келатканын жазды.
«Жаңы ордо» гезити, чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандыктарды шайлоого катыштыруу чаралары көрүлүп жатканын, ал тургай Сауд Арабиясында да шайлоо участогу ачыларын, анткени ал күндөрү Кыргызстандык 4,5 мусулман ажылык сапарда болорун маалымдады.
«Новый Кыргызстан» гезити «Ар-Намыс» партиясынын башчысы Ф.Куловдун алдыдагы шайлоого карата айткан оюн жарыя кылды. Ф.Куловдун айтымында, боло турган шайлоону бийликтин пайдасына чечүү аракети азыртадан эле болгон күч менен жүрүп жатат. Ошондуктан бирин бири көзөмөлдөш үчүн добуш берчү кабинага Түштүктөн эки киши чогуу кириши керек, ал эми Түндүктө шайлоочулар өздөрү каалаган кишилерине добушун берет.
«МСН суббота» гезити «Кыргызстан ачкачылыкта калбайбы?» деген макаласында бүгүн алмадай болгон Жер шарында 6,3 миллиард адам жашарын, анын 800 миллиону ачкачылыкта күн көрөрүн, планета тамак-аш коопсуздугу менен өзүн өзү камсыз кыла албай калганын, бирок Кыргызстанды массалык түрдө ачарчылык каптабастыгын, анткен менен өз элин тамак-аш азык түлүгү менен жетиштүү камсыз кылуу маселеси проблема бойдон кала берерин, ошондуктан эл бийлегендер эл курсагын тойгузуу үчүн айылчарбасын көтөрүүлөрү зарылдыгын баяндады.
Кыргызстанды бүгүн саясый жымжырттык басып турабы? Мына ушундай суроо менен «Агым» гезити айрым жарандарга кайрылганда, саясат таануучу Т.Какчекеев, көшөгөнүн артында көп нерселер болуп атканын, ал жерден бийликтин адамгерчиликтен баштап айбанчылыкка чейин түшкөн жоруктарга барарын көрүүгө болорун, ошондуктан кыргыз элине тырнактай да пайда келтире турган саясатчылардын карааны жоктугун, «Кыргыз туусу» гезитинин башкы редактору Ж.Саалаев, жымжыртсыздык 16-декабрдан кийин башталарын, профессор С.Мусаев, өлкө өнүгүү үчүн ушундай жымжырттык керектигин, «Эркиндик» партиясынын төрагасы Т.Тургуналиев, эч качан, эч бир өлкөдө саясый жымжырттык болбостугун, Бишкек шаар Кеңешинин депутаты А.Чотбаев, азыр Кыргызстанда убактылуу жымжырттык болуп турганын, орустар айткандай бул бороон болор алдындагы жымжырттык экенин, ал эми аны бороон-чапкынга жеткирбөө бийликтин колунда турганын айтып жооп берген.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ