Осмонакун Ибраимовдун айтымында, президент К. Бакиев 24-марттан кийин пайда болгон ички бөлүнүп жарылууну токтотуп, оппозициянын айрым өкүлдөрү менен кызматташууга аракет кылды. Бирок муну анын саясаттагы жакын чөйрөсү түшүнбөдү. «Менин кызматка дайындалышым дагы президенттин адамдарды кызылдар менен актарга, өзгө жана жатка бөлбөй тургандыгынын белгиси болчу. Ал мамлекет башчы болгондон кийин улутту өзүнүн айланасына баш коштуруп бириктириши керек. Бирок муну анын жакын кызматкерлери түшүнбөдү же түшүнгөнгө акылдары жетпеди»,- деп билдирди Осмонакун Ибраимов бүгүн . Мурдагы мамлекеттик катчы О. Ибраимов тышкы иштер министринин буйругу менен Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде кеңешчи кызматка дайындалган. Бирок мамлекеттик катчы А. Мадумаров каршы чыккан үчүн президенттин администрация жетекчиси М. Садыркулов кийлигишип, О. Ибраимовду дайындоо буйругу жокко чыгарылган. О. Ибраимов жаңы кызматка дайындалышы жокко чыгарылган менен анын чоң саясатка кайтып келишин эч ким токтото албасын белгиледи. Бирок, ал ошол эле учурда 16-декабрга чейин коомчулуктан көзүнө көрүнбөй турганын, эмки сөзүн шайлоо өткөндөн кийин гана айтарын билдирди.(KCh)