Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

ОППОЗИЦИЯ: ГРУЗИЯДА УРМАТЫ УЛУК ЭЛ ЖЕҢДИ


Грузияда эмдиги жылдын 5-январында президенттик шайлоо болот. Буга катарлаш парламенттик шайлоо мөөнөтүн аныктоо боюнча референдум өткөрүлүшү ыктымал. Президент Михаил Саакашвили кечээ ушундай демилге көтөрдү. Оппозиция өкүлдөрү муну элдин жеңиши деп аташты,ал эми парламенттеги башкаруучу фракция болсо Саакашвилинин бу чечимин “өзүнө ишенген лидердин батылдыгы” катары баалап жатышат. Бүгүн Тбилисиге Евросоюздун жана Европа кеңешинин өкүлдөрү келишет.

Михаил Саакашвилинин алдыдагы жылдын январында президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндөгү демилгеси конституцияга өзгөртүү киргизүүнү талап кылат. Тийиштүү түзөтүү парламентте бекитилген соң шайлоого 45 күн калганда Саакашвили кызматтан кетет, мамлекет башчысынын милдети парламент спикерине өтөт.

2-ноябрда парламент алдындагы аянтта демонстрация уюштурган оппозиция президенттик жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүн эмдиги жылдын күзүнөн жазына которууну талап кылган эле. Ошо себептен Саакашвилинин кечээки жарыясын консерваторлор партиясынын лидери Зваид Дзидзигури “урматы улук элдин” жеңиши деп баалады. Парламенттеги президентчил “Улуттук кыймыл” фракциясынын жетекчиси Майя Надирадзе болсо муну “өзүнө ишенген лидердин батылдыгы” маанисинде атады.

Саакашвили кечээ кечинде коомдук телеканалдан элге кайрылып, жаңы сунуштарын жарыялап жатып январдагы шайлоо эң демократиялуу,эң эркин,эң ачык өнөктүк болоруна ишендирди. Грузиянын демократиялуу өлкө экенин көрсөтүү үчүн ал ушундай кадамга барып жатканын, оппозицияга өз күчүн көрсөткөнгө мүмкүндүк берүүнү чечкенин билдирди.

Бириккен оппозиция президенттин демилгесин кабыл алды, жакынкы күндөрдө Саакашвилиге атаандаш кылып өз талапкерин чыгара турган болду. Бирок оппозициянын бейырасмий лидери делинген белгилүү бизнесмен Бадри Патаркацишвили бийликтер алдыдагы шайлоодо Саакашвилиге реалдуу конкурент боло турган саясатчыларды жыдытып, оюндан чыгаруу үчүн колдон келгендин баарын жасай турганын эскертти. Айрымдарына кылмыш иши козголот,башкаларын өлкөдөн кеткенге аргасыз кылышат, үчүнчүлөрүнө мыйзамдан “моюнтурук” табышат, деп айтты ал. Ошол эле күнү өлкөнүн башкы прокуратурасы бизнесмендин өзүнө каршы иш ачылганын жарыялады.

Патаркацишвилиге “мамлекеттик бийликти кулатууну көздөгөн кутумчулукка катышканы үчүн” айыпталды.

Тбилисиде оппозициянын митингин күчкө салып таркатып, андан соң бүт өлкөдө чукул абал жарыялаган Саакашвилинин чечимин Батыштагы дээрлик бардык өлкөлөр, алардын ичинде АКШ, Евросоюз, атүгүл НАТО демократиялык принциптерге кайчы келген кадам деп баалашканы белгилүү. Тбилисиге Евросоюз менен Европа кеңеши өз өкүлдөрүн жиберүүнү чечишти.

Өлкөнүн ички иштер министрлиги демонстранттарды таркатуу учурунда полиция менен атайын күчтөр аша чаап кеткендигин моюнга алды. Өкмөт мурда алардын аракетин демократиялык эрежелердин чегинде болду деп ырастаган эле.Омбудсмен Созар Субари полиция менен атайын күчтөр Грузияны “эң жөнөкөй адам укуктары урматталбаган өлкөгө айлантып салышканы” үчүн кескин сынга алды.

Грузиядагы окуяларды комментариялап, Казакстандагы улуттук социал-демократиялык партиянын лидери Жармахан Туякбай да Саакашвилинин ыкмаларын терс баалады. Башка бир байкоочулар азыркы грузин бийликтери экс-совет аймагында союл менен “демократия” кургусу келген өкмөттөргө жаман өнөгөсүн жайылтышы мүмкүн деп кооптонушат.

XS
SM
MD
LG