Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Грузиялык миллиардер президенттик шайлоого катышарын билдирүүдө


Грузин бийликтери мамлекеттик төңкөрүш уюштурууну көздөгөнү үчүн айыптаган миллиардер Бадри Патаркацишвили президенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин бүгүн чет өлкөлөрдүн биринде жүргөн жеринен батыш маалымат каражаттарына жолдогон билдирүүсүндө айтты. Анын пикиринде, президент Михаил Саакашвилинин режими өзүн толугу менен дискредитациялап бүттү. Ал ошондой эле эгер оппозиция Саакашвилини жеңүү үчүн бир талапкер чыгарса, өз чечимин өзгөртүшү мүмкүн экенин да кошумчалаган. Грузиянын башкы прокуратурасы болсо оппозициянын бир бөлүгүн каржылаган Патаркацишвилинин мамлекеттик төңкөрүш уюштурууну көздөгөнү үчүн айыптап, ага издөө жарыялаган. Грузин президенти мындан үч күн мурда башкалаа Тбилисиде оппозиция митингинин катышуучулары менен полиция кагылышкан соң өлкөдө 15 күнгө өзгөчө абал киргизди. Кийинчерээк президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда, келерки жылдын январында өткөрлөрүн жарыялады. АКШда, Евробиримдик да грузин бийлигин өзгөчө абалды жоюуга чакырышты. Мунун аралыгында бүгүн Тбилисиде параламент төрайымы Нино Бурджанадзе менен оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү өттү. Жыйынга Грузиянын Ортодокс чиркөөсүнүн башчысы, патриарх Илия Экинчи төрагалык кылган.

XS
SM
MD
LG