Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:10

ЧЕТ ЭЛДИК БАСМА СӨЗ ЭМНЕ ДЕЙТ?


Аким Өзгөн, Стамбул Чегарасыз Журналисттер уюмунун интернет баракчасында, Оштук журналист Алишер Саиповдун атылып өлтүрүлүүсү менен байланыштуу бир макала жарыяланып анда, “саясий кысымчылыктар бул окуя үстүнөн башталган тергөө жумуштарына тоскоолдук кылышы ыктымал” деген пикир билдирилген.

“Кийинки өнүгүүлөрдөн жана жасалган билдирүүлөрдөн алып караганда, көө сыйпап каралоо кампаниясы башталган журналист Алишер Саиповдун атылып өлтүрүлүшүн калыс тергөөгө Кыргыз жетекчилердин ынтызары жок” деп бышыктаган уюм, Кыргыз жетекчилерди, “Өзбөк журналистикасындагы сейрек кездешкен эркин добуштардын бири саналган Саиповдун өлтүрүлүшүнүн канчалык олуттуу маселе экенин туура баалоого үндөп, “Жап-жарык күн ортосунда, элдин көзү алдында Саиповдун атылып өлтүрүлүшү, бүт аймактагы эркин журналисттердин дарегине айтылган коркутуу болуп эсептелет” деген.

Германиянын Frankfurter Allgemeine Zeitung гезитинин жума күнкү санында чыккан бир макалада, “Өзбекстан кыйнап токмоктоолорго каршы күрөштө борборазия өлкөлөрүнүн ичинен эң алдыңкы өлкө, бирок кагаз бетинде гана” деген пикир билдирилип, бул өлкөдө өлүм жазасынын алынып салынуусу өңдүү оң мүнөздүү өзгөрүштөр да орун алып келгенине карабастан, абактарда жана милиция станцияларында жарандары уруп токмоктоолор, кыйнап орой мамиле жасоолор күндөлүк өнөкөт көрүнүшкө айланып калганы бышыкталат. Гезит бул тууралуу жазгандарын Human Rights Watch аталган эл-аралык уюмдун бейшемби күнү жарыялаган жыйынтыгына таянган.

Кийинки аралыкта Түркиялык басма сөздө негизги теманы ПКК жикчил уюму жана Түркиянын армиясынын Түндүк Иракта операция уюштуруу маселеси алып жатат. Өткөн аптада президент Абдуллах Гүлдүн Азербайжанга болгон иш сапары дагы айтарлык орун ээледи. Turkish Daily News гезити бейшембиде чыккан санында, “Армения өзгө мамлекеттердин парламенттерине 1915-жылдагы окуяларды бурмалап түшүндүрүү аракетин уланта берген сайын эч ким Түркия менен бул өлкөнүн мамилесинин нормалдашуусун күтпөсүн” деген Абдуллах Гүлдүн Бакуда Азербайжандын парламентинде айткан сөздөрүн алдыңкы планга чыгарган. Гезитте жазылгандай, Еревандын туруму анын Анкара менен мамилелерине залакасын тийгизип келе жатканын белгилеген президент Гүл, Азери парламентинде айткан сөзүндө ошондой эле “Түркия 1991-жылдын 16-декабрында Армения жумуруятынын эгемендүүлүгүн тааныды жана бул өлкө чектеш болбогонуна карабастан аны Карадеңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмуна катышууга чакырды. Ушуга карабастан, эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотууга кедерги болгон проблемалар орун алып келүүдө. Бул начар жагдайга түрк тарап жооптуу боло албайт” деп көрсөткөн.

ZAMAN гезити болсо, президент Абдуллах Гүлдүн Азербайжанга болгон кийинки саякатын, өзүнөн мурдагы президент Ахмет Неждет Сезердин доорунда дээрлик көз жаздымда калып, көңүл бөлүнбөгөн Борборазия жумуруяттары менен болгон байланыштардагы жаңыча башталыштын кабарчысы катары жоруган. “Президент Абдуллах Гүлдүн тышкы саясат перспективасында Орто Азия приоритеттүү орунга ээ” деп көрсөтүлгөн ZAMANдын макаласында, президент жакын арада Казакстан менен Түркмөнстанга сапарга аттанаарынан кабар берилген.
XS
SM
MD
LG