Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Азов жана Кара деңизде кемелер кырсыкка учурады


Катуу бороон-чапкындан улам Азов жана Кара деңиздин ортосундагы Керч кысыгында орусиялык танкер экиге бөлүнүп, деңизге мунай куюлуп кетти. Орусиянын транспорт тармагынын расмий өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда, "Волганефть 139" деп аталган танкер 1300 тона мунай тартып келе жаткан эле. Мындан тышкары бийиктиги беш метрлик толкунду жараткан бороон -чапкындан улам Азов деңизинде кеминде эки кеме чөктү. Алардын бири 2000 тонна күкүрт, экинчиси металлолом тартып келе жаткан эле. Металлолом тартып келе жаткан кеменин моряктары арасында дайынсыз жоголгондор бар экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG