Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:32

ТЫНЧ АКЦИЯГА ЧЫККАН УКУК КОРГООЧУЛАРДЫ КАЙСЫ ЖАЗЫГЫ ҮЧҮН КАРМАШТЫ?


Өткөн ишембиде Бишкектеги Алатоо аянтында өткөн “Диктатурага жок” аттуу нааразылык акциясына катышкандардын он чактысын милиция кармап кетип, кайра бошоткон эле. Алардын иши эртең 1-Май райондук сотунда каралганы жатат. Укук коргоочулар муну жарандардын эркин жыйналуу укугун бузуу катары баалашып, тынчсыздануу билдирүүдө. Камалгандардын арасында Жашылдар партиясынын өкүлдөрү да бар эле. Аталган партиянын төрагасынын орунбасары Анара Султангазиеванын айтымында милиция кармап алган укук коргоочулардан кынтык таба албай, кыйлага убара болгон.

-Камалгандардын арасында сиз да болсоңуз керек эле. Алгач милиция сиздерди кандай негиз менен кармаганына токтоло кетсеңиз?

- 9-ноябрь күнү бизди саат он эки жарым чамасында кармап кетти эле. Андан кийин биздин кагаздарыбызды, плакаттарыбызды тартып алып жаткан кезде ошол жерге “Мерседес” машинеси менен генерал-майор келди. Бизге айтышты, ошол адамдын айтуусу боюнча биз ушуну кылып атабыз деп. Тийиштүү документиңизди көрсөтүңүз десек, сизди милицияга алып баргандан кийин ошол жерден көрсөтөт деген жооп алдык. Бизди 1-Май РОВДсына алып барды, ал жерде бизди 5 сааттай кармашты. Тийиштүү кагаздары жок, же айып айта албайт. РОВДнын кызматкерлери аябай кыжаалат болушту, иши кылып кынтык таап бизди кармоо аракетин көрүп, 5 саат аябай убара болушту.

-Эртең 1-Май райондук сотунда ушул иш каралганы жатыптыр, коюлган айыптар белгилүү болдубу?

- Биз ошол күнү РОВДнын ичинде отуруп, 1-Май райондук прокурорунун атына арыз жазганбыз. Арызда биздин укугубуз тебеленип, бир нече жолу ушундай кайталанып жатат, чара колдонуңуз деген арыз бергенбиз. Ошол иш каралат, көрөбүз го.

- Дегеле бул аракетти кандай баалап жатасыздар?

Чынын айтсак 10 деген cан бизге карасанатай болду. 10-августта биздин жетекчибизди кармады эле, өткөн айдын онунда Жашылдар партиясынын активисттерин 2-3 жолу кармашкан. Такай ушундай нерсеге кабылып жүрөбүз. Биз эмне кылбайлы басып алып, РОВДга алып барып коркутуп-үркүтмөй чараларын көрүп жатат. Андан кийин 10- ноябрда аянтта тынч акцияны “Диктатурага жок” деген темада өткөрүп жатсак, ошого да жабышат. Диктатура болбосун, ушундай чаралар болбосун, биз өзүбүздүн башыбыздан өткөрүп жатабыз, бул жаман жөрөлгө, демократиялык республикада жашап жаткандан кийин мындай иштер болбошу керек деген мааниде чыксак, бизди ошол жерден дагы кармашты.

- Сиздерге карата жасалган ушундай мамиленин себеби эмнеде деп ойлойсуздар?

- Биздин партия көз карашы, позициясы боюнча радикалдуу оппозицияга кирет. Биз президент кетсин, тигил-бул кетсин деген деле жокпуз. Биз оппозиция болгондон кийин бийликтин кетирип жаткан каталарын айтып, ошолорду көрсөтүп жатсак эле бизди ары-бери уйпалаганга киришет.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG