Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

ИРАН ШИИТТЕРИ СУФИЙЛЕРДИН КЕЧИЛКАНАСЫН БУЗУП САЛЫШТЫ


Ишемби- жекшемби күндөрү Ирандын батышындагы Боружерд шаарында суфийлер менен шииттер ортосунда чоң жаңжал болду. Ассошэйтед пресс агенттигинин маалымдашынча, кагылышууда ондогон адамдар жараат алып, шаардагы суфийлердин кечилканасы кыйратылды. Чатакты коопсуздук күчтөрү баскан жана 180дей адам камакка алынган. Талдоочулардын айтымында, 1979- жылкы ислам ынкылабынан бери Ирандагы диний жамааттар ортосунда мындай чоң чатак болгон эмес.

Боружерд шаарындагы шиит жамаатынын ан- Наби мечити суфийлердин Хусейни-е Немотулла Гонабади кечилканасына катар жайгашкан. Шиит диниятчылары суфийлерди ислам жолунан чыккан секта деп жектешет. Бийликтердин айтышынча, суфийлер жамаатынын мүчөлөрү шиитердин мындай каралап- жектөөсүнө чыдабай, 10- ноябрда коңшулаш шиит мечитине кол салышат. Ал эми эртеси күнү 11- ноябрда коопсуздук күчтөрү менен аскерлер Боружердеги суфийлердин кечилканасына чабуул койушкан. Ортодо ок атылып, 80дей адам жарадар болгону, бийликтер булдозер менен суфийлердин кечилканасынын бир ныптасын сүздүрүп салганы кабарланды.

Чатактуу окуя тууралуу суфийлердин берген түшүндүрмөсү такыр бөлөк. Суфийлердин айтымында, шиит диниятчылары суфийлер кыймылынын өзгөчө жаштар арасында популярдуу болуп баратканын көрө албай ушундай карасантайлыкка барышкан жана кечилканасын бузууну актоо үчүн суфийлер шиитердин мечитине кол салды деген жалган сөздү эл арасына таркатышкан.

Суфий жамаатынын атын атабоону сураган мүчөсү “Фарда” радиосуна ишемби- жекшемби күндөрү өткөн окуя жөнүдө мындай деп билдирди:

-Бийликтер суфийлер ан-Наби мечитине чабуул жасап, бир диниятчыны жарадар кылды деген жалган кепти эл ичинде жайылтышты. Бул имиш сөздөн улам Басиж аскерий тобу өч алабыз деп чыгышты жана шаарда элди чогултуп, Хусейни-е кечилканасына чабуул койушту. Алар аденде таш жана темир союлдар менен чабуул жасашып, Хусейни-е кечилканасынын айбанын бузушту. Андан соң кечилкананын ичине киришкенде суфийлер менен дервиштер аларга каршы туруп, артка сүрүп салышты. Алар экинчи ирет кол салышканда көздөн жаш агызуучу газды колдонушту. Кечилкананы басып алып, өрттөп, бузуп салышты. Шииттер суфийлерди бейисламчылдар деп куугунтуктап, кысым көрсөтүшүүдө.

Суфизм исламдагы мистикалык агым. Суфийлер адамдарды жупуну жашоого үгүттөп, турмуш ырахаттарына азгырылбай, намаз жана зикир чалып, кудайды таанып билүү– инсанды жашоодогу эң чоң жыргалчылыкка жеткирет деп ишенишет.

Байкоочулардын айтымында, Иранда 1979- жылкы ислам ынкылабынан бери Боружердегидей чоң диний аразадшуу болгон эмес.
XS
SM
MD
LG