Аталган партиянын төрагасы Жума Абдуллаевдин “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча курултайда партиянын атынан бара турган талапкерлердин тизмеси аныкталууда. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча партиялык тизменин башкы беш талапкери такталды. Алар: "Замандаш" ассоциациясынын негиздөөчүсү Мухтар Өмүракунов, тележурналист Мыктыбек Арстанбек, ишкер Кумарбек Стамкулов, журналист Топчугүл Шайдуллаева жана ишкер Бакыт Жусубалиев. Курултайга жер-жерлерден келген 270 делегат катышууда. Чет жактардагы кыргыздардын ассоциациясы катары калыптанган “Замандаш” уюму 2007-жылдын башында саясий партия болуп түзүлгөн. Учурда партиянын 17 миң мүчөсү бар. (ZKo)