Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

13:20 Акыйкатчы бийликке ыктаган партияларды мөөнөтүнөн мурда үгүттөө баштагандыгы үчүн айыптады

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу “Акжол” жана социал-демократтар партиялары Шайлоо кодексин ачыктан-ачык эле бузуп жаткандыгын белгиледи. Анын айтуусунда Баткен облусунда аталган партиялардын өкүлдөрү облустук телеканал аркылуу күн сайын чыгып сүйлөп, түздөн-түз чакырык таштап атышат. Турсунбай Бакир уулу саясий партияларга мыйзамды бузууга жол бербөө талабы менен БШКна расмий түрдө кайрылгандыгын кошумчалады. (ZKo)
XS
SM
MD
LG