Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

УКУК КОРГООЧУЛАР ОРГАНДАРДЫН ОПУЗАСЫНА КАРШЫ


Бүгүн өкмөт үйүнүн алдында укук коргоочулар пикет өткөрүштү. Алар ооздорун скотч менен чаптап алышып, мунусу менен жарандардын эркин чогулуу укугун кыргыз бийлиги чектеп жатат деп сынга алышты. Алар президент Курманбек Бакиевден Башмыйзамдын кепили катары жарандардын Конституциялык укугун коргоо талабын койгон билдирүү таратты. Ушул эле күнү Биринчи май райондук сотунда 10-ноябрда өткөн нааразылык акциясында кармалган «Жашылдар» партиясынын төрт мүчөсүнүн жана эки укук коргоочунун үстүнөн сот иши башталды.

Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акциясына чыккандар негизинен Конституциянын сакталышын, тынч митингке чыккандарды укук коргоо органдары куугунтуктаганды токтотушун талап кылышты. Алардын коюп жаткан талабынын чоо-жайын «Коррупцияга каршы» укуктук борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова мындайча чечмеледи.

-Тынч митингке чыгып, өз оюн билдирип чыккан жарандарды куугунтуктоо токтотулсун. Милиция жана Улуттук коопсуздук комитети репрессиялык ыкмаларын токтотуп, мыйзамдуу форматта иштеп, саясий «инструмент» болбосун. Сөз эркиндиги корголсун. Реалдуу реформа жүргүзүлүп, соттор көз карандысыз болсун, деп талап коюп атабыз, -деди Төлөйкан Исмаилова.

Ондон ашуун укук коргоочулар ооздорун кагазга түшүрүлгөн милициянын погону менен жаап, скотч менен чаптап турушту. Апрель митингисинен кийин митингдин катышуучуларын, айрыкча азыркы саясатка сын айткан жаш саясатчыларды бийлик куугунтукка алуусун күчөттү, дейт «Кел-Кел» жаштар кыймылынын мүчөсү Гүлшайыр Абдырасулова. Анын айтымында, өз көз карашын ачык айтып чыккан жаш саясатчыларды коопсуздук жана милиция күч органдары кысымга алып, жаштардын Конституциялык укугун тебелеп жатышат.

Нааразылык акциясы өтүп жаткан жерге тилектештик билдирип келген Бишкек шаардык кеңештин мурдагы төрайымы Нуржамал Байболова, бийлик коркутуу жолу менен элдин үшүн ала албайт деген ишенимде.

-Көпчүлүккө билинбегени менен биздин мамлекетте акыбал абдан оордоп баратат. Анткени бийлик биздин элди «мал» сыяктуу каалаган партиясына айдап киргизип, жакпаган партиядан айдап чыгабыз деген үмүттө болуп жатышат. Мен айтаар элем. Эч качан андай болбойт. Биз деген Кыргызстандын калкыбыз. Эркиндиктин даамын татып калганбыз.

Президенттин алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун болсо нааразылык акциясына чыккандардын талабы туура экенин, бул боюнча президентке жана анын администрациясына маалымдай турганын билдирди. Анын айтымында, милиция кызматкерлери менен Улуттук коопсуздук кызматы Бакиевге жакшы көрүнөбүз дешип, жарандарды эркин чогулууга болгон укугунан ажыратуу аркетин көрүп жатат.

Ал эми Биринчи май райсоту бүгүн «Жашылдар» партиясынын төрт мүчөсүнүн жана эки укук коргоочунун үстүнөн сот жараянын баштады. Алар 10-ноябрда өткөн «Диктатурага жок» деген аталыштагы акциядан кийин бейбаштык кылган деп милиция тарабынан кармалган.

XS
SM
MD
LG