Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:35

08:40 Укук коргоочу Акыйкатчыга доомат кылды


"Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу кызматынан кыянаттык менен пайдаланып жатат" деп билдирди «Азаттыкка» президенттин карамагындагы укук коргоочу Турсунбек Акун. Мындай пикирин ал акыйкатчынын арызынын негизинде кечээ башталган соттук териштирүү менен байланыштырды. «Адамдык беделиме жана ар-намысыма доо кетирди» деп Бакир уулу Турсунбек Акунду жана анын интервьюсун жарыялаган «Комсомольская правда» гезитин, “24kj” агенттигин сотко берген. Свердлов райондук соту ишти кароону 22-ноябрга жылдырды. Президент карамагындагы укук коргоочу акыйкатчынын дооматы негизсиз, ошондуктан, арызын кайра кайтарып алып, маалымат каражаттарынан кечирим сурашы керек деп эсептейт. (BuS)

XS
SM
MD
LG