Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

11:25 Кыргызстанда жакынкы 5-7 жыл аралыгында катуу жер тиртирөө болушу мүмкүн


Улуттук илимдер академиясынын сейсмология интстутутунун жетекчиси Канат Абдрахматовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, күчү 8-9 баллга жеткен жер титирөө 2011-2013 - жылдардын аралыгында болушу ыктымал. Адистер силкинүүнүн очогу Чүй өрөөнүндө, Чоң-Кеминде, Ысыккөл областынын батыш жана чыгыш тараптарында деп белгилешүүдө. Эгерде Чүй областында катуу жер титирөө болсо, силкинүүнүн күчү Бишкекте да байкалат. Адистердин айтуусунда, эгерде жер титирөөнүн очогу Бишкектен 30 км алыстыкта болсо, анда борбор калаада миңдеген киишилер жабыр тартышы мүмкүн. “Учурда Кыргызстанда үйлөрдүн 70 пайызга жакыны сейсмикалык жактан туруктуу эмес. Ал эми Бишкекте жер титирөөнүн кесепети негизинен жаңы конуштарда жашагандарга байкалат. Анткени алар курган үйлөр жердин силкинүүсүнө туруктуу эмес” , дейт Канат Абдрахматов. (MSu)

XS
SM
MD
LG