Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

17:09 АКШнын Лас-Вегас шаарында кыргыз жараны камакка алынды


Түндүк Американын профессионалдык бокс бонча чемпиону, кыргызстандык Алмазбек Раимкулов 7 – ноябрь күнү кармалган. Бул тууралуу Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында ага жардам берип коюуну өтүнүп спортчунун эжеси Гульнара Раимкулова кайрылган. “Американын туусу алдында чыгасың дегенге көнбөй өз мамлекетимдин желегин көтөрөм деген А. Раимкуловду өзүнүн менеджери жана машыктыруучусу ага жалган айыптоолорду коюп каматкан. Анткени А. Раимкуловдун жеңишинин 85 пайыз пайдасын алар алат”,- деди чемпиондун эжесине шилтеме жасап Т. Акун. Учурда комиссиянын жетекчиси АКШдагы кыргыз элчилиги менен байланышып бул ишти иликтөөдө. (ESu)

XS
SM
MD
LG