Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

БАЛКАНДАГЫ СОГУШ КЫЛМЫШТАРЫН БЕЛГИЯЛЫК ПРОКУРОР ИЛИКТЕМЕЙ БОЛДУ


Мурдагы Югославия аймагындагы согуш кылмыштарын иликтеген эл аралык трибуналдын башкы прокурору Карла Дель Понтенин ордун баса турган талапкердин ысымы аталды. Серж Браммерц – буга чейин Улуттар уюмунун Ливандын экс-премьери Рафик Хариринин киши колдуу өлүмүн иликтегентергөө тобунун жетекчиси эле.

Үстүбүздөгү жылдын башында Гаагадагы Эл аралык трибуналдын башкы прокурору кызматында соңку бир жылдык мөөнөтүн баштап жатып Карла Дель Понте айым анын башкы максаты – Босниялык сербдердин эки аскер башчысын сотко өткөрүп берүү экенин белгилеген эле.

- Албетте, мен прокурор катары өз ишиме көңүлүм толгон жок, анткени 8 жылдан бери Радован Караджич менен Ратко Младичтин артынан түшүп, Гаагага өткөртүп берүүгө аракеттенип келдим. Алдыдагы жумалар, айлар, балким ийгиликтүү болуп, бул экөө биздин колго тийип калаар, - деген эле январь айында Дель Понте айым.

Мурдагы Югославиядагы согуш кылмыштары боюнча атайлап түзүлгөн трибуналдын башкы прокурорунун ал үмүтү ишке ашпай, Балкандагы кыргындар үчүн жооптуу далай саясатчылар менен аскер жетекчилери соттолгону менен, Босниялык сербдердин эки экс-командири али изин жашырып жүрөт. Эми аларды сот жообуна тарттыруу милдети эл аралык трибуналдын жаңы башкы айыптоочусу Серж Браммерцке жүктөлөт.

Өзү туулуп өскөн Бельгияда Браммерц бат эле мыкты юрист катары таанылып, эл аралык терроризм, уюшкан кылмыштуулук, коррупция тууралуу эмгектер жазып, илимдин доктору 40 жашында Бельгиянын федералдык башкы прокурору болуп дайындалган. Андан бери Браммерц Европа Кеңешинде эл аралык уюшкан кылмыштуулук боюнча кеңешчи, эл аралык миграция уюмунда консультант болуп иштеп, Балкан менен Борбордук Европадагы киши аткезчилигине каршы полициялар ортосундагы кызматташтык туурасында илимий ишин коргоду.

2003-жылы 41 жаш курагында Серж Браммерц Гаагадагы эл аралык трибуналда прокурордун орун басары болуп дайындалып, 3 жылдан кийин Улуттар уюмунун Ливандын экс-премьери Рафик Хариринин киши колдуу өлүмүн иликтөөчү тобун жетектөөгө которулат. Хариринин өлтүрүлүшү боюнча ал баштаган топ Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине 5 кеңири доклад даярдап берди, иликтөө айрым бир саясий себептерден улам жана Сирия шектүү кишилерди сурак бердиртүүдөн баш тарткандыктан алдыга жылбай токтоп калды.

Серж Браммерц эми ал кызматын өткөрүп берип, Югославиядагы согуш кылмыштары боюнча эл аралык трибуналдын башкы прокурору милдетин аркалай баштамакчы.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG