Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

ИРАНДА СУФИЙЛЕРДИ КАРАЛОО КАМПАНИЯСЫ КҮЧ АЛДЫ


Иранда ушул аптада коопсуздук күчтөрү менен суфийлер ортосунда кагылышуулар орун алды. Тегерандык ырасмий жетекчилер жана консервативдүү динаятчылар – калк арасында жайылып бараткан суфий агымы – исламга каршы келет деп жаманаттылап, шийилер үстөмдүк кылган Иранда аларга орун жок деген билдирүлөр жасашты.

Суфизм – исламда руханий тазалануу аркылуу турмуштагы чындыкты жана Алланын акылмандыгын аңдоону даңазалаган мистикалык агым эсептелет. Суфий мусулмандары илгертен муундан муунга өткөрүп келаткан салттуу бийлери, музыкасы, Алланын илимин жайылтуу аркылуу жаратканды түшүнүп кабыл алууга болот деп ишенишет. Ирандагы көптөгөн суфийлер ислам дининдеги кадимки жол-жоболорду карманганы менен, консервативдүү динаятчылар бул агымды кармангандар шийи мусулмандары үчүн кооптуу көрүнүш деген пикирде. Байкоочулар ирандык суфийлерди өгөйлөө айрыкча мындан 2 жыл мурда президент Ахмадинежад бийликке келгенден тарта күч алды деп белгилешет.

Ушул аптада Ирандагы Боружерд шаарында суфийлер менен коопсуздук кызматтары ортосундагы уруш-мушташ эмнеден келип чыкканы белгисиз. Тегерандык ырасмий кабар агенттиктери суфийлер шийилердин мечитине кол салып, ортодогу кагылышуудан он чакты киши жарадар болуп, дагы бир нечеси камакка алынганын маалымдашты. Боружерддик суфийлер окуяны башкача өңүттөн баяндоодо. Алардын бири “Фарда” радиосуна берген интервьюсунда буларды айтып берди.

- Бийликтегилер суфий дервиштери шийилердин мечитине чабуул коюп, бир кишини жарадар кылды деген ушак таратышкан. Ошол сөздөн улам аскердик кийимчен адамдар суфилер жашаган диний жайды курчоого алып, аларды таяк-ташчан катардагы адамдар коштоп келип, биздин монастырды талкалап кетишти. Имараттын ичиндеги дервиштер аларга каршылык көргөзүп, кууп чыгышканда, коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызган газ колдонуп, суфий монастырын бүт бойдон өрттөп кыйратып салышты.

Ирандык суфийлердин лидерлери бул окуя тууралуу ачык билдирүү жасаса, бул агымдын бардык өкүлдөрүнө каршы куугунтук башталат деген кооптонуусун айтышууда. Бул окуядан бир жума гана мурдараак Ирандын маданият министринин орун басары Мохзен Парвиз шийилер үстөмдүк кылган өлкөдө суфий агымын жайылтууга жол берилбеши керек деген билдирүү жасаган. Анын алдында шийи динаятчылары Ирандык телеканалдар – атактуу перс акыны жана дүйнөдөгү бардык суфийлердин сыймыгы саналган – Руминин 800 жылдык мааракесин көрсөткөнүнө катуу нааразы болушкан эле.

Парижде жашаган теги Ирандык юрист Абдол Карим Лахижи талаштын төркүнү - исламды эки башка түшүнүүдө экенин, шийилер үчүн Шарыят мыйзамдары баарынан жогору болсо, суфийлер Тарика эрежелерин таанырын айтат. Ошондой эле суфийлер – сөз эркиндиги, диний эркиндикке бир топ либералдуу көз карашта болсо, ирандык шийилер айрыкча 1979-жылкы ислам ыңкылабынан кийин диний маселелерде өзүнүкүнөн башканы тааныбаган көз карашка өткөнүн белгилейт.

- Ошондон улам, исламдагы башка агымдар – суннилер, же исмаилиттер, же суфийлер болобу – Ирандын конституциясында, саясий, сот системасында коомдун тең укуктуу бөлүгү деп саналбайт. Алар чыныгы мусулмандар деп эсептелбейт керек болсо. Шийилерден башка агымдагыларды куугунтуктоого мыйзамдар жол берет.

Байкоочулар Ирандагы маалымат каражаттарында соңку кездери маал-маалы менен суфийлерди жамандаган, аларды исламдын негизги жол-жоболорун четке каккан адамдар катары мүнөздөгөн материалдар жарыяланып жатканына көңүл бурушат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG