Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

УКРАИНА КАРЫЗЫН ТӨЛӨДҮ, БИРОК ЖАРДАМ КАТАРЫ


Кыргызстан менен Украинанын эки күнгө созулган өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, кыргыз тарап Украинанын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсүн колдой турган болду. Буга чейин Украинанын 27,3 млн. доллар өлчөмүндө карызы бар экенин айтып, кыргыз тарап алардын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна киришине макулдук бербей келген. Эми ал маселе чечилип, Украина өз карызын жардам иретинде берди.

Экономиканы өнүктүрүү жана соода министрлигинин статс-катчысы Азиз Аалиевдин айтымында, СССРден калган Украинанын 27 миллион 300 миң доллар өлчөмүндөгү карызы өтө талаш-тартыштуу маселе болчу. Буга чейин кыйрап калган империя доорундагы карызды Украина моюнга албай келсе, Кыргызстан анысын талап кыла берген. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон Кыргызстан, Украинанын карызы төлөнмөйүн бул уюмга кирүүсүнө каршы чыгарын айтып, сүйлөшүүлөр жүрүп келген. Соңку эки күндүк сүйлөшүүдөн кийин кечээ эки тарап бир пикирге келип, Кыргызстан Украинанын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсүн колдомой болду. Ал эми Украина 27,3 миллион доллар өлчөмүндөгү сумманы “жардам иретинде” деген шарт менен Кыргызстандын Улуттук банкына которду. Украинанын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Владимир Тяглонун айтымында, бул маселени чеүүдө эки тарап тең саясий эрктүүлүк көргөзүштү:

- Бул акчалар биз сүйлөшкөндөй гуманитардык жардамга муктаждарга жумшалат. Баткендеги, Кочкордогу жер титирөөдөн жабыр тарткандарга, азык-түлүк жетишсиздигине жумшалат. Бул эң оболу кыргызстандыктарга жардам берүү иретинде жасалды.

Кыргыз тарап бул сүйлөшүү оор болгонун, жыйынтыгында эки тарап тең бир пикирге келишкенин, Кыргызстан үчүн мындай сумманын накталай келиши жеңиш экенин айтышууда. Экономиканы өнүктүрүү жана сода министринин статс-катчысы Азиз Алиев бул тууралуу мындай дейт:

- Эртең мененки саат алтыда биз аларды тосуп, эки күн түнкү он экиге чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бардык маселелерди чечтик. Алардын сунушу боюнча биз айтып аткан карыз маселеси гуманитардык жардам катары чечилди. Алар биз сурап аткан сумманы карыз катары эмес, каржылык жардам катары которушту. Украинанын Улуттук банкы, биздин банка акчаны которгондон кийин бардык суроолор чечилди.

Айрым байкоочулар Украина өз карызын моюнга алуудан баш тартып, ал сумманы жардам катары бергенин «кемсинтүүчүлүк» катары баалашууда. Экономист Айылчы Сарыбаевдин пикири Буга үндөш:

- Ар бир өзүн сыйлаган, өзүн эркинмин деп эсептеген мамлекет өзүнө окшогон мамлекеттер менен тең катар мамиле кылышы керек, саясатта болобу, экономикада болобу. Андыктан, Украинанын бул мамилеси кемсинткендикке жатат. Бир чети 27 миллионду бир жол менен алганыбыз жакшы эле нерсе. Бирок, жанагыдай шарт коюп, гуманитардык жардам катары карызын берип атканы кемсинткендик.

XS
SM
MD
LG