Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

АЗАТТЫК ПЛЮС: КЫРГЫЗ КИНОСУ ЖАНА СМС ПИКИРЛЕР


“Азаттык плюс” телепрограммасынын кезектеги чыгарылышы 12-ноябрда эфирге чыкты. Бул ирет “ Кыргызстанда чыгып жаткан кинолордун сапатын кантип жакшыртуу керек” деген теманын алкагында сөз козголуп, бүгүнкү тасмалардын сапаты, финансылык абалы жана кантип кыргыз кереметин жаратсак болот деген суроолордун тегерегинде талкуу жүрдү.

Талкуунун катышуучусу Чолпонай жаңы тартылган фильмдер сапаты жагынан начар болуп, кыргыз киносун артка тартууда деп пикирин билдирсе, экинчи катышуучу Тынчтыкбек бул жоктон көрө жогору, ушундай атаандаштыктын негизинде бара – бара мыкты кинолор тартылат деген оюн билдирип өттү. Натыйжада Чолпонай 31 смс добушка ээ болуп жеңүүчү болду, ал эми Тынчтыкбек 22 смс добуш алды. Ушул эле убакта көрүүчүлөр да 0(312)666817 номерине телефон чалышып, талкуунун катышуучуларына добуш берүү менен “Азаттык плюс” телепрограммасы тууралуу пикирлерин билдиришти. Келип түшкөн ой-пикирлердин айрымдарына орун беребиз.

Рахматтулла: Мен добушумду Чолпонайга берем. Ал өз оюн так жана туура билдирди. Негизинен “Азaттык плюс” телепрограммасы көп бөлүктөн турат, бул жакшы жана ошондой эле мазмундуулугу жана идеялары жагат. Техникалык жагынан, аудиториядагы элдин аздыгы, алып баруучулардын жакшы суроолорду бере албагандыгы, кемчиликтери деп ойлойм. Өзүбүздүн менталитетке туура келген темалар, көп болсо дээр элем.

Азамат: Менин добушумду Чолпонайга берем. Себеби аныкы туура, бизде кинолордун өнүгүшү начар, азыркы тапта сапатсыз кинолор көп чыгууда. Бул тармакта жылыштар деле байкалбайт. Ал эми телепрограмма мага жагат, өнүгүп-өсө бергиле, кемчиликтер деле жок. Ушул “Азаттык плюс” телепрограммасын чыгарганыңарга рахмат! Биз көп нерсени түшүнүп, билип жатабыз.

“Асель Баетова:” Мен добушумду Тынчтыкбеке берем. Азыркы чыгып жаткан кинолордун сапатсыз болуп жаткандыгы өкмөттүн күнөөсү. Алар каражат бөлбөсө, режиcсерлор аз акчага болгон аракетин салып, тасмаларды жаратууда. Ал эми программа өзү жакшы эле, суроолордун кыскалыгы, убактытын тарлыгы гана мени канааттандырбайт. Жаштар шоу-бизнес темасына кызыгат, ушул жаатта программаларды күтөбүз.

Арман. Биз добушубузду Тынчтыкбеке беребиз. Азыр негизинен жакшы кинолор тартылууда. Бирок каражат жагынан аксап калууда. “Башаламан” “Шайтан араба” сыяктуу тасмалар жаштарга кызык болуп жатат. Өлкөнүн мыйзамына туура келбей турган көрүнүштөрдү байкап, жаштардын көңүлүн терс жолго буруп жаткан иштерге каршы телепрограммаларды тартсаңар деген пикирдемин.

Мунара: Сөзсүз Чолпонайга добуш берем. Азыр кыргыздын кадыр баркын түшүргөн алакачуу, аракечтик сыяктуу кинолор көп чыгууда. Андан көрө үлгү боло тургандай тасмаларды тартса жакшы болоор эле. “Азаттык плюстан” жаштар казыккан программаларды көргүбүз келет. Мисаалы: сүйүү темасы же “любовь с первого взгляда” сыяктуу берүүлөр чыкса биз кызыгып көрөөр элек. Кыргыз тилинин абалы, келечеги тууралу жана аракечтик, баңгиге каршы иштер боюнча темалар талкууланса деген ойдомун.

Акан Иманов
XS
SM
MD
LG