АКШнын «Белнефтехим» мунай компаниясына санкциясы үчүн Беларусь өзүнүн АКШдагы элчисин чакыртып алды. Беларусту Европадагы акыркы диктатура деп эсептеген АКШ президент Александар Лукащенкону Америкага киргизбөө өңдүү бир катар чектөөлөр тууралуу чечим чыгарган. Акыркы жолу Вашингтон «Белнефтехим» менен кызматташкан америкалык бардык компаниялардын активдерин токтотуп салган.