Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

11:01 “Атамекен” партиясы “Ак жол” партиясын айыптап БШКга экинчи ирет кайрылды


Партиянын активисттеринин бири Чолпон Жакупованын маалымдоосуна караганда, “Ак жол” партиясы үгүт багытындагы материалдар жазылган 100 миң нускадан турган “Народная гезитин” шайлоочуларга таркаткан. Бул мыйзам бузуу болуп эсептелет. Бирок “Ак жол” партиясынын жооптуу катчысы Жангороз Каниметов андай айыптоолорду четке кагып, газета 22-октябрда чыгарылганын, ал күнгө карай шайлоо тууралуу президенттин жардыгы чыга электигин жана гезитте үгүттөөчү материал эмес, маалымат гана бар экенин белгиледи. БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматовдун “Азаттыкка” бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, БШКнын мүчөлөрү андай арыздар тууралуу кабарсыз калууда. Биз буга байланыштуу БШК төрайымы Клара Кабиловага кат менен кайрылып жатабыз, деп белгиледи Акматов.

XS
SM
MD
LG