Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

КЫРГЫЗСТАНДЫК АДВОКАТ ТАШКЕНТТИН ТАШТҮРМӨСҮНДӨ КАМАКТА ОТУРАТ


Ош шаарынын тургуну, адвокат Саидкамал Ахмедов Ташкентте 5-сентябрда камакка алынган. Качкын макамын алган Ахмедовдун коңшу өлкөнүн тартип коргоо органдары тарабынан кармалышы Өзбекстанда адам укугу жана качкындар боюнча эл аралык нормага баа бербегенинин далили дешет укук коргоочулар. Башкы прокуратуранын өкүлү болсо Ахмедовдун кармалышы мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Казакстандан качкын макамын алган адвокат Саидкамал Ахмедов Алматы калаасында баш паанектеп жүрүп, Ташкентте убактылуу дарыланып жаткан оорулу жубайын көргөнү барганда өзбек укук коргоо органдары тарабынан 5-сентябрда кармалган. Адвокаттын уулу Саиджамалдын айтымында, Ош шаардык прокуратурасы Саидкамал Ахмедовго алдамчылык кылган деген шек менен кылмыш ишин козгоп, жасалма айып таккан. Уулунун пикиринде атасы адвокаттык ишмердүүлүгүнө байланыштуу прокуратура кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттерин жогорку инстанцияларга билдирип, алар менен соттошкон учурларда соттон утуп алып турган. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы атасы Ахмедовдун үстүнөн жасалма жол менен кылмыш ишин козгоп, мойнуна күчтөп айып тагылып жатат, дейт уулу Саиджамал.

-Эгерде атама козголгон кылмыш ишти юрист эмес жөнөкөй адам карап көрсө, андан толгон токой мыйзамга туура келбеген кемчиликтерди көрөт. Себеби, анда бардык документтер жасалма. Биз күбөлөргө барып жолукканыбызда алар атама каршы көрсөтмө бербегенин билдиршти. Бул жерден укук коргоо органдары атамды күчтөп абакка отургузууну көздөп жатышканы айдан ачык эле билинип турат.

Жалалабаддагы «Справедливость» укуктук уюмунун жетекчиси Валентина Гриценконун «Азаттыкка» билдиргенине караганда Ахмедовду Оштогу тартип коргоо органдары камай турган болгондо Казакстанга кетип, ал жерден Качкындар иштери боюнча БУУ комиссарлыгынын Казакстан бөлүмүнөн качкын макамын үсүтүбүздөгү жылдын май айында алган.

Укук коргоочу Азиза Абдурасулованын пикиринде колунда качкын макамы бар Ахмедовдун Ташкенттин таштүрмөсүнө камалышы Өзбекстан бийлигинин качкындар боюнча эл аралык нормаларды кабыл албаганынын далили.

-Ахмедовдун колунда Качкындар боюнча БУУнун комиссарлыгынан алган качкын макамын алган күбөлөндүргөн документи бар да. Ага карабай Өзбекстандын бийлиги, күч органдары эл аралык адам укугу, качкындар боюнча эл аралык нормаларды кабыл албаганы аз келгенсип, аны тааныгысы келбегенин көрсөтүп турат. Бозгун Ахмедовду түрмөгө отургузуунун өзү туура эмес, -дейт Азиза Абдурасулова.

Башкы прокуратуранын эл аралык байланыш жана экстрадициялоо бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Мамыркалиевдин айтымында, прокуратура Өзбекстан тарапка «Жарандар, үйбүлө жана кылмыш иши боюнча укуктук жардам» Конвенциясына ылайык аны мекенине кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Издөөдө жүргөн Ахмедовду кармаган Өзбекстандан укук коргоо органдары экстрадициялоо боюнча 14-ноябрда чечим чыгарды. Ага байланыштуу иштер мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатат, дейт Мамыркалиев.

Ахмедовдун мекенине жеткирилген, жеткирилбегенин билүү максатында Оштогу убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси Калбай Туратовго кайрылганыбызда, бул мамлекеттер аралык маселе болгондуктан аны алгач Бишкекке жеткирип, андан соң Ошко алып келишерин айтты.

Айрым бир маалыматтарга караганда Өзбекстандын абактарында Кыргызстандык үч жүзгө чукул атуулдар кармалып турат. Укук коргоочу Чолпон Жакупова бул боюнча так маалымат айтуу кыйын экенин белгиледи. Анын көз карашында Анжиян окуясынан кийин өзбек качкындарын Кыргызстан аркылуу үчүнчү өлкөгө өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу качкындар же болбосо камактагы кыргыз атуулдары тууралуу маалыматты Өзбекстан өтө эле жашыруун кармоодо.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу адвокат Саидкамал Ахмедов боюнча маалыматы жок экенин белгилеп, бир жыл мурда Өзбекстандын абагында кармалышкан Кыргызстандын атуулдарынын туугандары арыз менен Акыйкатчыга жардам сурап кайрылышканын билдирди. «Ал жерде түрмөдө отурган кыргыз атуулдарын тыкат иликтөөлөр боло элек. Жакында бул маселе боюнча Акыйкатчы институту атайын иликтөө иштерин жүргүзөт»,- дейт Бакир уулу.

Саидкамал Ахмедов жана башка Өзбекстандын абактарында жаткан кыргыз атуулдары жөнүндө маалымат алуу максатында өзбек Акыйкатчысы Сабира Рашидова менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

XS
SM
MD
LG