Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

АТА ӨНӨРҮ БАЛАГА


22 жаштагы Нурбек Серкебаев кыргыздын байыркы музыкалык аспаптарынын биринде эле эмес, бир нечесинде ойнойт. Жаш кыл кыякчы, чоорчу, жыгач ооз комузчу, темир ооз комузчу, чопо чоорчу, сурнайчы менен кабарчыбыз Балбай Алагушов баардашкан.

Ал кыргыз угуучуларына, көрүүчүлөрүнө таанымал ырчы, комузчу Акылбектин үй бүлөөсүндө туулган. Нурбек жерден боорун көтөрүп, мектеп босогосун аттагандан атасы уюштурган үй бүлөлүк ансамблде төрт иниси менен кыргыздын абалкы элдик музыкалык аспаптарында ойной баштайт. Республикалык сынактардын, фестивалдардын лауреаттарынан болот.

Азыркы тапта жаш шайыр Кыргыз Улуттук Консерваториясында окуйт. Ал 20 жашта. Ал кыргыздын байыркы элдик тартма музыкалык аспабы кыл кыяк баштаган үйлөмөлүү элдик музыкалык аспаптар чоордо, чопо чоордо, ышкырык чоордо, сыбызгыда, какма тилдүү жыгач, темир ооз комуздарда ойнойт. Комуз да чертет. Нурбек аталган аспаптарда элдик күүлөрдү өткөрө көркөмдүүлүктө, өзгөчө мукамдуулукта угармандарга жеткендей чеберчиликте аткарууга умтулат.

Нурбек өзү тартып, кагып, чертип жүргөн аспаптардын ичинен тартма музыкалык аспап кыл кыякты айрыкча урматтоо менен бүтүндөй жан дүйнөсүн таштап коюп тартат.

- Алгач Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунан төрт кылдуу өркүндөтүлгөн кыл кыякты бүтүрдүм. Аны ойноп көрдүм бирок, эмне үчүн кыргыздын байыркы аспабы кыл кыякты тартпайм. Гранпластинкадан (табактан) эски күүлөрдү угуп үйрөнө баштадым. 2003-жылы Бишкекке келдим. Эки-үч эски кыяк күүлөрүн тартып Улуттук консерваторияга өттүм. Музыка изилдөөчү, кыл кыякчы Бакыт Чытырбаевге жолуктум. Андан сабак ала баштадым. Ал агайым кыргыз кыл кыякчыларынын күүлөрүн иликтеп Кыргызстандын чар тарабында болот.Тилекке каршы кыл кыякчылар калбай калыптыр. Агайым эл ичинен тапкан күүлөрүн нотага түшүрүп үйрөтө баштады,- дейт Нурбек.

Нурбек кыргыздын элдик үйлөмө аспаптарын дээрлик баардыгында ойнойт. Ал сакал чоордо, чопо, ышкырык чойгондо, чоорлордо, сурнайда, кернейди да тартат.

Жогоруда белгиленгендей Нурбек Серкебаев ар бир аспапты терең сүйүп ар бир күүнү так, таза, уккулуктуу, чеберчиликте ойноого умтулат. Эгерде жаш шайыр азыркыдай басыгынан жазбаса, келечекте кыргыздын элдик аспаптык музыкасынын көрүнүктүү шайырларынын биринен болот деген зор ишеним артат.
XS
SM
MD
LG