Бул дата 1941-жылы фашизмге каршы күрөшкөн мамлекеттердин студенттеринин Лондондо өткөн жыйынынан тарта белгиленип келет. Бүгүнкү күндү Кыргызстан студенттери бейрасмий болсо да майрамдашат. Маалыматтар боюнча учурда Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын саны элүүдөн ашат жана анда эки жүз миңдей студент билим алууда. (EBM)