Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


“КыргызАртекс” көркөм өнөр борборунда бул жумада Талант Огобаев баштаган бир катар фотосүрөтчүлөрдүн эмгектеринен турган көргөзмө өттү. Көргөзмөдө негизинен көл темасына арналып тартылган, көлдүн көрүнүшүн, анын таза кармап, аздектөөгө үгүттөгөн сүрөттөр коюлду.

Бул көргөзмө менен катар эле улуттук китепканада жазуучу Калканбай Ашым баевдин 75 жылдык мааракесине арналган “Өнөрканага 50 жыл” аттуу китеп көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө жети бөлүктөн туруп, анда жазуучунун чыгармаларын, өмүр баянын чагылдырган жана башка материалдар коюлду.

Ушул жылдын 17-ноябрында кыргыз киносунун негизделгенине 66 жыл толду. Бул күнү кыргыз киночулары кесиптик майрамын белгилешти. Мына ушул кинотармагындагы жаңылыктарга кайрылсак кинорежиссерлор Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын”, Темир Бирназаровдун “Парз”, Марат Алыкуловдун “Чек ара” тасмалары Берлинде өткөн «17-эл аралык кинофестивалда» көрсөтүлдү. Жыйынтыгында “Боз салкын” толук метраждуу көркөм тасмасы Германиянын шаарларында көрсөткөнгө каражат утуп алды. Ал эми Нижний Новгороддо өткөн “21-кылымдын жаңы киносу” эл аралык кинофестивалында “Кыргызфильм” киностудиясынын базасында тартылган Нурлан Абдыкадыровдун “Петрарканы окуганда” “Айтыш” фильм студиясы тарткан “Биринчи кадр” тасмалары көрсөтүлүп, калыстар тобунун атайын дипломуна жана байгесине татыган.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде маданиятка эмгек сиңирген ишмер Муктар Мукамбетовдун жеке көргөзмөсү ачылды. Ал эми Кытайдагы заманбап көркөм өнөрдүн «Зендай» музейинде эл аралык көргөзмө ачылып, ага кыргызстандык сүрөтчүлөр Муратбек Жумалиев жана Гулнара Касымалиева чакырылган. Алар “Жаңы Жибек жолу жан сактоонун жана үмүттүн алгоритми” аттуу биргелешкен эмгегин көрүүчүлөрдүн сынына коюшууда.

Бүгүн Бишкекте Кореянын маданият күндөрү өтөт. Ал корей улутунун маданиятын чагылдырган иш-чаралар менен коштолот. Уюштуруучулар билдиргендей бул кечеге Кореядан жетимиштен ашык өнөрпоз келмекчи.
XS
SM
MD
LG