Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

САЯСАТ ТААНУУЧУ КНЯЗЕВДИ САБАП КЕТИШТИ


Кыргыз-орус Славян университетинин профессору, саясат таануучу Александр Князевди 16-ноябрда кечинде белгисиз эки адам үйүнүн жанынан күтүүсүз кол салып, сабап качып кетишкен. Саясат таануучу өзү бул окуяны саясий ишмердүүлүгүнөн улам же этникалык себептердин негизинде болушу мүмкүндүгүн айтып жатат. Укук коргоочулар бул окуяны милиция тергөөгө алышы керектигин, сексенден ашуун улуттар ынтымактуу жашап, энтикалык куугунтуктоолор жоктугун айтышууда.

16-ноябрдын кечинде Бишкекте саясат таануучу, Кыргыз-орус Славян университетинин профессору Александр Князевди үйүнүн алдынан белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Бул окуя тууралуу жабыр тарткан Александр Князев “Азаттыкка” буларды атйып берди:

- Кечинде саат алтыга чукул үйдүн алдынан эки жигит мени күтүп турган окшойт. Айланада менден башка эч ким жок болчу. Суроо сопкутсуз эле мени сабап киришти. Мен жерге жыгылып калдым. Алар мени буту менен башка, ичке тебишти. Басмаканадан алып келаткан китебим менен башымды калкалаганга араң үлгүрдүм. Ары жактан коңшулардын үнү чыкканда, алар качып кетишти. Эч кандай буюм- тайым алышкан жок. Өз ара сүйлөшкөндөрүнө караганда кыргыз жигиттери окшойт. Бул окуяны менин кийинки убакта бийликти жана оппозицияны сындагандыгым үчүн мага эскертүү деп ойлойм. Милицияга кайрылганым жок, себеби алар бул окуянын иликтеп деле жыргатпайт. Догдурга кайрылсам, алар башымды төрт жеринен тигип беришти.

Президенттин алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун болсо саясат таануучу Александр Князевдин сабалышы анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу ыктымал деп, аны оппозицияны сындабастан учурдагы бийликти бир жактуу сынга алып келатканын айтты:

- Саясат таануучу Александр Князев мурдакы бийлик өкүлдөрү, Акаевдер менен жакындашып алганбы же кандай айтор, революциядан кийин китеп жазып, анда март ыңклабын мамлекеттик төңкөрүш болгон деп бир жактуу берип, Кыргызстанды дүйнөгө жаманатты кылган. Ушул сыяктуу көз караштары үчүн кайсы бир саясий күчтөр кол салышы мүмкүн.

«Жарандар коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилованын айтымында Кыргызстанда башка улуттун өкүлү болгон үчүн куугунтуктап же уруп кеткен көрүнүштөр жокко эсе:

- Кыргызстанда сексенден ашуун улуттар ынтымактуу жашап, иштеп келатат. Александр Князевди сабап кетүү фактысы боюнча ички иштер кызматкерлери тергөө жүргүзүп, ал милицияга сөзсүз кайрылуусу зарыл.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эркин журналист Алишер Саиповду өткөн айда анын ишмердүүлүгү үчүн өлтүрүп кетишкен. Бир жылдын ичинде журналисттерге каршы 18 жолу ур-токмок, коркутуу болгон фактылар катталган. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн пикиринде мындай окуялардын бирөөсү да аягына чыгып, тергелип күнөөлүүлөр аныкталган эмес. Ал эми укук коргоо органдары ар кайсы фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлуп жатканын айтып келишет. Ушул сыяктуу окуяларга эми саясат таануучу Александр Князевди сабап кеткен факты дагы кошулду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG