- Өзүңүз билесиз, жакында кыргыз өкмөтү өткөн тогуз айдын жыйынтыгын чыгарды. Сиз аны менен таанышып чыксаңыз керек. Сизге кандай таасир калтырды?
- Базардагы нан, эт, сүт ж.б азыктары эки, үч эсе кымбаттаган мезгилде, тогуз айдын жыйынтыгы боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу 9 % ке өстүк дегени адамды шылдыңдагандай угулуп жатат. Себеби, биздин ички дүң продукция өскөн күндө дагы ошону эки-үч эсе өскөн тамак-аштын баасы эки-үч эсе басып кетти да. Өндүрүлгөн товарлардын жалпы суммасынын физикалык көлөмүн көрсөтүп, анын натуралдык көлөмүн көрсөтпөй эле жөн эле инфляциялык баа менен түшкөн жалпы статистикалык маалымат. Түшкөн салыктарды, бажы төлөмдөрүн айтып мактанганды адат кылып алдык. Экинчиден, эгерде жыл башында биз мобул тармактар боюнча иш кылабыз деп так алынган милдеттемелер болуп, ошону ушунча деңгээлде аткардык десе, анда биз түшүнөт элек. Анан булар эмнени аткарды, кантип аткарып жатышат, кайсы көлөмдү айтып жатышат, таптакыр түшүнүксүз болуп жатат.
- Айылчы мырза, айтсаңыз эмне үчүн көтөрүңкү маанай өкмөттө бар, эмнеге таянып жатат?
- Биринчиден, булар өзүнүн өсүп жаткан менчиги менен мамлекеттин менчигин жана элдин жашоо деңгээли менен өздөрүнүн жашоо деңгээлдерин алмаштырып алышкан окшойт. Экинчиден, жаңы Конституцияны кабыл алып, референдум кылып, эми мына жаңы шайлоолор деп жатат. Ушулардын астында сөзсүз мактануу керек болуп жатат.
- Сиз өкмөт башчы, президент жөнүндө сөз кылып калдыңыз. Президент Жапонияга барып келди. Өкмөт башчы Түштүк Кореяга бүгүн чыгып кеткендиги маалымдалды. Маселен, Түштүк Кореянын ишкерлери, өкмөтү 1 миллиард долларга чейин инвестиция тартууга убада кылып жатат деп билдиришкен эле. Ушул тышкы инвестиция Кыргызстандын экономикасын оңдогонго мүмкүнчүлүк бере турганы турган иш. Бирок, анын реалдуу келиши канчалык ыктымал?
- Эми муну он жети жылдан бери айтып келе жатпайбызбы. Келетат, сүйлөшүп келдик деп. Алар айтып жатат: бир миллиард долларыбыз бар, мүмкүнчүлүгүбүз бар, аны силердин экономикага жумшаганга даярбыз деп. Бирок кайсыга, эмнеге, кантип, качан белгисиз болуп жатпайбы дешет.
-Маегиңизге ырахмат .