Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:13

РЫСПЕК АКМАТБАЕВДИН ЖАКТООЧУСУ КАМАККА АЛЫНДЫ


Рита Борбукеева, Каракол Балыкчы шаарындагы “Алтын казына” кафесинин жанынан Жогорку Кеңешке жакында бул округ боюнча өткөн шайлоодо көп добуш алган Максат Абакиров милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, камакка алынды. Ал буга чейин Рыспек Акматбаевдин жактоочусу катары эсептелип келген. Ички иштер министрлиги Максат Абакировдун автомашинасынан “Сайга” карабини баштаган курал-жарактар, ок дарысы менен табылган. Бул кармоого нааразы болгон Балыкчынын айрым тургундары шаардык милициянын алдына чогулушту.

17-ноябрда Балыкчы шаарынан Рыспек Акматбаевдин жактоочусу Максат Абакиров баштаган онго жакын балдарды жергиликтүү ички иштер органдары сабап, камакка алганына нааразы болуп чыккандар төмөндөгүдөй белгилешти:

- Балыкчы шаарынын милициялары эле экен. Маска кийип алышыптыр. Фрунзе көчөсүндөгү “Алтын казына” деген дүкөндүн жанында күндүз студенттердин майрамына карата Максат Абакиров белек таратып жаткан мезгилде он эки милиция эки “Джип” автоунаасы менен келип, балдарды тепкилептир. Автомат менен Максат Абакировду башка коюптур. Жерге жыгылып калса тепкилешиптир. Бул жерде чыркыраган эки-үч энени "кетип калгыла, болбосо атып салабыз" дешиптир. Ал жерде турган кичине балдардын баарын коркутуп-үркүтүшүптүр,-

Айгүл Ажыбаева жана төрт-беш баласы менен камалган энелер ички иштер бөлүмүнүн алдына чогулуп, камакка алуунун негизин түшүндүрүп берүүсүн суранганы менен органдан эч ким чыгып жооп бербей жатат.

- Баш көтөргөн балдарды органда иштеген милициялар көрөалбастык кылып жатат. Баарын талкалап, сабап жатышат. Бул кордукка ким чыдайт. Балам менен сүйлөшкөнүм жок. Эшиктин алдына келсем эмне келдиң, бул жерде балаң жок. Аларды Бишкекке алып кетти деди,- дейт Айгүл Ажыбаева.

Мындай нааразылык күчөсө акыркы чекке барабыз деген балыкчылыктар шайлоо алдында массалык митингге чыгууга бел байлап жатышат.

Максат Абакиров Балыкчы шайлоо округунан 14-октябрда өткөн шайлоонун экинчи айлампасынан утушка ээ болуп, бирок, анын атаандашы подполковник Кадыров тарабынан мыйзам бузуу менен добуш алды деп күнөөлөнгөн. Бирок сот аны жокко чыгаргандан кийин эки талапкер тиш кайрап калышканын көпчүлүк билдирип жатышат. Ошондуктан бул жолку уруп, согуу да Кадыров тарабынан деген божомолдоолор бар.

Бул боюнча Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан төмөндөгүдөй маалымат беришти:

- “Алтын казына” деген кафе бар экен. Ал жерден “Мицубиси Падзера” деген автоунаа кармалган. Ал автоунаанын ичинде Максат Абакиров жана жанында бир топ балдар бар экен. Ал автоунаанын ичинен Сайга аттуу карабин, бронжелет ошондой эле Калашников автоматы алынган,- дейт Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов.

XS
SM
MD
LG