Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

“БРИЛЛИАНT ЖИГИТТИ” АКШда ЭМНЕ ҮЧҮН КАМАШТЫ?


Профессионалдык бокс боюнча Түндүк Американын чемпиону, кыргызстандык Алмазбек Раимкулов АКШнын Лас-Вегас шаарында 7-ноябрь күнү полиция тарабынан кармалып, камакка алынган. Анын камалышы тууралуу коомчулукта түрдүү божомолдор айтылып, мындан үч жыл мурда автоунаасын кызуу болуп айдап, полициядан качкан дешсе, айрымдары муну атаандаштары атайын жолун тазалоо үчүн уюштурду деген пикирлер да бар. Кыргызстандын спорт коомчулугу да Алмазбектин камалышына тынчсыздангандыгын билдирүүдө.

Спорт коомчулугун дүрбөлөңгө салган бул окуя маалымат каражаттарында түрдүү божомолдор менен коштолду. Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акундун айтымында, ага жардам берип коюуну өтүнүп спортчунун эжеси Гүлмира Раимкулова кайрылган. “Американын туусу алдында чыгасың дегенге көнбөй, өз мамлекетимдин желегин көтөрөм деген Алмазбек Раимкуловду өзүнүн менеджери жана машыктыруучусу ага жалган айыптоолорду коюп каматкан. Анткени Алмазбек Раимкуловдун жеңишинин 85 пайыз пайдасын алар алат. Бул окуя тууралуу президентке да маалымдалды. Эгерде Алмаз ичимдик ичип, машина айдап полициядан качып жүрсө, үч жылда эмес, үч саатта эле кармап эбак камап коюшмак”,- деди Турсунбек Акун.

Ал эми АКШдагы Кыргызстандын элчиси Замира Сыдыкованын маалымат каражаттарына билдиргенине караганда, профессионалдык боксчу Алмазбек Райымкулов 2004- жылы мас абалында автоунаа айдап жүргөн жеринен полиция тарабынан кармалып, кийин сотко чакыруу алса дагы барбай койгон. Ошондон бери үч жыл өтсө дагы Алмазбек Райымкуловду полиция кармай албай жүргөн.

Профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаровдун пикиринде Алмазбек Райымкулов менежери менен келишимди бузуу ниетинде мурда дагы соттошуп жүргөн.

“Менежери жана машыктыруучусу келишимди өз пайдасы үчүн дагы узартууну көздөп же табында турган атаандашы Алмазды чүнчүтүү максатында уюшулган иш болушу мүмкүн. Себеби үч жылдан бери полициядан качып жүрсө, үч жыл аралыгында он беш- жыйырма жолу рингге чыкпайт болчу,”- деп кошумчалады Орзубек Назаров.

Адистердин айтымында “Кид Даймонд” же бриллиант жигит аталган Алмазбек Райымкулов профессиналдык бокс чөйрөсүндө бат таанылып, жылдан жылга кадыр- баркы өсүп, жеңиштерге жетишип турган. Ал профессионалдык рингде 30дан ашуун жолу чыгып, бир ирет гана утулган.

Алмазбектин эжеси Гүлнара Раимкулованын айтымында аны менежери атайын жалаа менен каматып, өчөшүп алган.

“Эгерде Алмаз АКШнын желеги астында таймаштарга чыккан болсо, аны улам рекламалап, курч беттешүүлөргө чыгарып, бат эле дүйнөгө таанытып коюшмак. Алмаз көгөрүп, “кыргыз намысын сатпайм, кыргыз туусу астында гана рингге чыгам” дегенинен анын чыныгы жүзү али ачылбай келүүдө. Ал түгүл кээ бир учурларда ушул маселе боюнча Алмазды кодулап, өгөйлөп басынткан жагдайлар да болуп келген. Муну ал мурда ачык айтчу эмес.”

АКШнын Лас- Вегас шаарында үч айга камакта жаткандыгына байланыштуу Алмазбек Райымкулов менен телефон аркылуу да байланышууга мүмкүн болбоду. “Азаттыкка” мурда берген интервьюусунда ал менеджери менен тил табыша албай жүргөнүн айтып берген эле.

“Мен Ата-мекенимден алыс жүргөндүктөн Кыргыз намысын сактап, кыргыз туусу менен гана рингге чыгууну биротоло чечип койгом. Алыста жүрсөң туулган жердин баркын, кооздугун, кымбаттыгын себет экенсиң. Кыргыз туусу обого көтөрүлсө, мен дагы шерденип, жеңиштерге жетүүгө дилгир болуп калам. Бирок бул жакта менежерлер менен ушул жагдайлар боюнча проблемалар да болууда”, –деген эле эл аралык спорт чебери Алмазбек Райымкулов.

Америкалык атактуу бокс адиси Бред Гудмэн Алмазбек Райымкуловду алгач ирет көргөндө эле анын өжөрлүгүн, талантын байкап, аны Костя Цзюга салыштырган.

Дал ушул адис Бред Гудмен Алмазбектин алгачкы 7 беттешүүсүн Лас- Вегас менен Түштүк Калифорнияда өткөргөн.

Учурда Алмазбекти АКШга белгилүү машыктыруучу Мигель Диаз машыктырып, профи бокстун сырларын үйрөтүп жүрөт. Беттешүүлөрүн менежери Боб Арум уюштуруп келүүдө.
Алмазбек Раимкулов Эл аралык бокс ассоциациясынын рейтингинде 7-орунда турат. Профессионалдык рингде 2001-жылдан бери өзүн сынап келетат, анын эсебинде 27 жеңиш болсо, он алтысын нокаут менен уткан, 1 гана утулуу жана Хоель Касамайора менен болгон беттешүүсү тең чыгуу менен жыйынтыкталган.
Кыргызстандык эл аралык бокс чебери Алмаз Райымкулов 7 жылдан бери профессионалдык бокстун чордону болгон АКШнын Лас-Вегас шаарында ата- энеси менен бирге жашап, рингде Кыргызстандын намысын коргоп жүрөт.
Алмазбекти алгач профрингде дебют жасаган жылдары “Гермеспрофи” спорт клубунун жетекчиси, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Александр Войнов мындай деп айтканы туура келүүдө: “Америкалыктар Алмазбекти эми чыныгы бриллиантка айлантышат” деген Александр Войнов. Себеби Алмазды АКШга же прфоссионалдык бокс чөйрөсүнө тааныштырган да, аларга сунуштанган да ушул Александр Войнов болгонун көпчүлүк биле бербейт.
Учурда Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү Алмазбек Райымкуловдун күйөрмандары аны камактан бошотуп алуу үчүн күрөөгө каражат чогултуп, тынсызданууларын билдиришүүдө.

Алмазбек Райымкулов тууралуу спорт күйөрмандарына кыскача маалымат.

Ал 1977-жылдын 18-февралында Ош областынын Ала-Бука айылында врачтын үй-бүлөсүндө туулган. Ал 5 бир туугандын кичүүсү. Бокс менен машыгууну 1990- жылы Ош шаарында баштаган. Ал кичинесинен эле тың чыкты, өзү курактууларды жеңип, жашынан көзгө илинип, 15 жашынан баштап эл аралык мелдештерде мөрөй талашкан.

1995- жылы Кыргызстандын чемпиондугун жеңип, спорт чебери аталган. Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун байгесине арналган эл аралык турнирде 7 жолу жеңиштин бийик сересине көтөрүлгөн.

Орусия, Казакстан жана Өзбекстанда өткөн эл аралык мелдештерде мөрөй алган.
Тегеранда өткөн Батыш Азия өлкөлөрүнүн I оюндарында Алмазбек күмүш медаль тагынды. Ошондой эле Бишкекте өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн III оюнунда алтын медалга арзыган.

Сидней Олимпиадасында бокс чөйрөсүнө таанылган Алмаз Райымкулов Бангкокто өткөн бокс боюнча Тайланд Королунун кубогунда жеңишке жетишкен.

Алмаз Райымкулов- Кыргызстандын көп жолку чемпиону, эл аралык спорт чебери. Сидней олимпиадалык рингде 4- орунду ээлеп, Кыргызстанды тааныткан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG