Оппозициялык партиялар бүгүн биргелешкен жыйын өткөрүп, бул маселе боюнча БШКнын кечээки чечимин талкууга алат. Кечээ БШК буга чейин талаш болуп келген бул маселеге чекит коюп, партиялар жалпы республикалык тизме боюнча ар бир облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 0,5 пайыз добуш алышы керек деп чечкен. Айрым саясатчылар бул чектин киргизилиши туура эместигин белгилешип, аны бийликтин шайлоону өзү каалагандай өткөрүү аракети катары баалашууда.(SM)