БШКнын чечимине ылайык, шайлоого катышам деген 22 партиянын ар бири 7 облус жана Бишкек менен Ош шаарларында 13 миң 600 шайлоочунун добушун алууга милдеттүү. Саясий партиялар мындай сандагы добуш алуу мүмкүн эмес деп, ага дароо каршы болушуп, аны жокко чыгаруу талабы менен президентке кайрылышаарын жарыя кылышты.
-Бул бийликтин партиясы болгон “Ак жолдун” кызыкчылыгы үчүн атайын чыгарылган чечим. Жалпы эл кабыл алган “Шайлоо Кодексинде” облуста жашаган шайлоочулардын санынын 0,5 пайызы деп так эле жазылган. Ошон үчүн бул чечимди тааныбайбыз. Ал тууралуу партиянын атынан билдирүү таратабыз. Андан тышкары башка саясий партиялар менен биргеликте президентке да билдирүү жолдойбу,- деди “Асаба” партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров.
Билдирүүгө “Ар намыс” партиясы да кошулаарын кабарлаган партия төрагасынын орун басары Эмил Алиев өз партиясы БШКнын чечими мыйзамсыз деп жалпы элге маалымат таратаарын кошумчалады:
-Билдирүүгө, албетте, биз кол коебуз. Андан тышкары мындай мыйзамсыз чечимдерди чыгарып жатат деп элге жарыя кылабыз жана каршы болобуз. Албетте, ал аракеттер жөн болбойт. Ал 2005-жылдын март окуясына айланып калышы да мүмкүн.
Демократиялык “Туран” партиясынын төрагасы Каныбек Иманалиевдин айтымында, тургундарынын саны аз же көбү чет өлкөлөргө иштөөгө кетип калган региондордон мындай өлчөмдөгү добушту алуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, БШКнын бул чечимин жокко чыгаруу талабы менен “Туран” партиясы сотко кайрылмакчы:
- Азыр биздин сотко доо арызыбыз даярдалып жатат. Саясий чечимден мурун эң ириде юридикалык чечим керек. Биздин белгилүү юристтер жана “Юристтер ассоциациясы” буга юридикалык баа бериши зарыл.
Каныбек Иманалиевдин айтымында, эгер чечим жокко чыгарылбаса, ал партиялар менен шайлоочулардын кыжырдануусуна негиз түзүп, коомдо катуу карама-каршылыкты жаратышы толук мүмкүн:
-Бул сөзсүз түрдө бүт партиялардын нааразычылыгын пайда кылат жана ал шайлоо жакындаган сайын күчөйт. Демек, Кыргызстанды саясий туруктуулукка алып келбейт жана укуктук жактан да конституциялык укуктарга карама-каршы келет. Себеби, БШК конституциялык норманы түшүндүргөнгө акысы жок. Ага мындай укук берилген эмес.
Ал эми “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов БШК өз чечимин президент менен кеңешип кабыл алды деген бекем ишенимде. Ошондуктан, көп партиялар азыркы президенттин бийлигине ишеним көрсөтпөө аракетин көрүүдөн кайра тартпастыгын белгиледи:
-Бул азыркы президенттин өзүм билемдиги. Эгер президент бул катачылыктарын тезинен токтотпосо президентке ишенбөөчүлүк, жер-жерлерде баш ийбестик чаралары көбөйүп кетиши толук мүмкүн.
Бийликчил “Ак жол” партиясынын өкүлдөрү болсо атаандаш партиялардын коюп жаткан кинесине такыр макул эмес. Партиянын жооптуу катчысы Жангороз Каниметовдун баамында, БШКнын мындай чечим кабыл алышына партиялар жер-жерлерден колдоо алышы зарыл деген максат башкы себеп болду:
- Парламентке келген партия сөзсүз түрдө парламенттин негизги бөлүгүн түзүп, өкмөттүн курамын аныктайт. Ошон үчүн БШК партиялар социалдык колдоого ээ болсун деген ушундай чечимге барды.
Саясат таануучу Жолборс Жоробеков болсо БШКнын чечимине каршы болгон партиялардын кооптонуусуна негиз жок, себеби, келечекке ишенимдүү барыш үчүн 0,5 пайыздык босого сыяктуу алгачкы тоскоолдуктарды түшүнүү менен кабыл алып аткаруу зарыл деген ойдо:
- Бул абдан туура. Себеби, партиялык тизме менен шайлоо жаңы башталып жатат. Биз ага көнүшүбүз керек. Себеби, 12-13 миң шайлоочунуну добушун ала албаган партиялар жалпы элдин атынан кантип сүйлөй алат? Көпчүлук партияларыбыз Бишкек же анын тегереги жана Ош, Жалалабад шаарларынын тегерегинен чыкпаган партиялар болуп жатпайбы! Демек, мындан эч кандай трагедия жасоонун кереги жок.