“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы Москвадагы шайлоо участкаларынын мүчөлөрү шайлоого кыргызстандыктардын добушун алуу үчүн базарларга үкөктөрүн көтөрүп барышат, деген БШКнын мүчөсү Жылдыз Жолдошеванын маалыматы Шайлоо Кодекисинин талаптарына карама-каршы келерин билдирди. Коалиция БШКдан шайлоочулардын укуктарын бирдей камсыз кылууну жана базарларда көчмө добуш берүү аракетин токтотууну талап кылышты. Эгерде бул талаптар аткарылбаса коалиция БШКны сотко берерин белгиледи. (AJ)
14:20 Коалиция БШКдан чет мамлекеттердин базарларында добуш берүүнү токтотууну талап кылды