Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

ПУЛ КЫРГЫЗ БОЛОМ ДЕП КУЛ КЫРГЫЗГА АЙЛАНГАНДАР


«Дело №…» гезити Алматы шаарынын ичиндеги зымкарагайларга чапталган жарыялардан же телевизордогу жүгүртмө жарнамалардан «Кыргыздар сатылат» деген кулактандырууну күн сайын окууга болорун, ушул кезде Казакстандын кул базарларындагы эң арзан деген кул- кыргыздар экенин коңшу өлкөгө иштеп барып келген Максат деген Оштук жигит айтып бергенин жазып чыкты.

Анын айтканы боюнча казак кожоюндар адам күчү менен пайда тапчу мындай базарларды легалдаштырууну такыр эле каалашпайт, анткени жалдап иштетчү адамдардын документтерин мыйзамга ылайык тартипке келтиргиси жана өлкөсүнө кошумча салык төлөгүсү келбейт. Анын үстүнө эч кандай адистиги жок кыргыздарды жалаң кара жумушка чегишет. Казактар аларды бири-биринен сатып алып, бири-бирине сатып турушат. Кул базарда 1 кыргыздын баасы 1 миң доллар. Максаттын өзүнөн башка дагы эки бир тууганы кулчулуктан кутулуп, Ошко кайтып барышты. Эми алардын экинчи ирет Казакстанга барайын деген ойлору жок. Азыр алар өзүлөрүн кул сезбей, адам катары сезип калышты. Мындан ары өз жеринде гана баш көтөрбөй иштегилери келишет.

Мындан бир топ жыл мурун мурдагы президент А.Акаев Кыргызстан элинин 80 пайызы сотторго ишенбейт деп айткан эле, андан бери сот органдарында өзгөрүү болдубу, болсо кандай деп, жаңыдан жарык көрө баштаган «Голос свободы» гезити адвокат Сартбай Жайчыбековго суроо салган. Адвокат мырза Кыргызстандын кылмыш-жаза мыйзамдары Орусия, Казакстан, Тажисктандыкы менен көп жагынан окшоштугун, бирок тигил өлкөлөрдө адамдарды Кыргызстандагыдай «чөнтөгүнө» жараша эмес, кылган кылмышына жараша соттошорун, ал эми Кыргызстанда уй уурдаганы деле, тоок уурдаганы деле бирдей жазаланарын, кээде кокусунан 1-2 миң сом уурдагандарды соттор 3-4 жылга түрмөгө кесип жиберишерин, түрмөдөгү бир эле адамдын бир күн олтурганына өлкө казынасынан күнүгө 35 сомдон кетерин, бул органдар болбогон иштер үчүн түрмөлөргө адамдарды толтуруу менен мамлекетке пайда кылбай эле кайра олуттуу зыян кылып келатканын айтып берген. Адвокат Жайчыбеков, андан ары, сот болуш үчүн канча төлөш керек деген суроого, так суммасын айталбастыгын, бирок соодалашуу иштери региондордун арзан-кымбатына жараша 2 миңден башталарын, соттордун эң кымбаты-Бишкек, андан кийин Ош, анан Оштун Кара-Суусу, анан Жалал-Абад экенин, райондордун ичинен Чүй облусунун райондору алдыда турарын, соттор дайындалары менен адегенде сатып алган кызматына кеткен чыгымын толтуруш үчүн иштесе, толтуруп бүткөн соң башкаларга «алыш-бериш» кылыш жана өз чөнтөгү үчүн иштээрин айтат. Мындан кутулуунун жолдору барбы? Бар дейт адвокат. Ал үчүн соттор кабыл алган чечимдердин тууралыгын аныктоо үчүн атйын комиссия түзүп, кайсы сот ишти кароодо сот нормаларын бузса аны дароо кызматтан айдоо керек. Экинчиси-соттордун маяналарын 3-4 эсеге көбөйтүү керек.

Борбор Азия жана дүйнө жаңылыктары

«Голос свободы» гезити Казакстанда балдар пахта, кызылча жана тамеки плантацияларында, айрымдары базарларда көр-жер сатып, өтө жакырлары кара курсактын айынан уурулукка барышарын, балдардын укугун коргойбуз деген мамлекеттик уюмдардын иш-аракеттеринен майнап чыкпай келатканын жазат. Жаңырган жылдын башында Казакстан балдардын эмгегин эксплуатациялоо боюнча Эларалык уюмдардын алдында отчетун берет, тилекке каршы респбулика ал отчетунда курулай фактыларды саноо менен чектелгенден башка ылаажысы жок. Анткени балдардын эмгеги арзан күч катары пайдаланылып, муну менен катар эле балдар сойкулугу коолап-чайлап өсүп баратат. Муну баары эң сонун көрүп-билип турушса да ушу кезге дейре эчким кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Гезит андан ары Өзбекстандык белгилүү акын Юсуф Жумаевдин жубайы, алты баланын энеси Гүлнара Олтиеванын Бухара облусундагы заводдун жумушчуларына кошулуп, Өзбекстандын президенттигине көрсөтүлүп жаткан өлкө башчысы Ислам Каримовдун талапкерлигин колдой турган кагазга колун койуудан баш тарткандыгы үчүн Конституциялык түзүлүшкө шеек келтирген деп күнөөлөнүп жатканын, ошол эле учурда Гүлнара айым эгер пахта тазалоочу заводдун жумушчуларын зордоп кол койдуруу аракети токтобой турган болсо мөөнөтсүз нааразылык акциясына барарын билдирип хакимиятка кат таштаганын маалымдаган.

«Дело №…» гезити Чеченстанда мындан ары жаңыдан баш кошкон жаштарга үйлөнүү аземинде Европалык үлгүдөгү той көйнөгүн кийүүгө тыйуу салынганын өткөн жумада президент Рамзан Кадыров билдиргенин, бул күндөрү Чеченстандын бардык дүкөндөрүндө үйлөнүү үлпөтүндө кие турган Европа үлгүсүндөгү кийимдер соода текчелеринен алынып жатканын, Чеченстандын президенти Р.Кадыров, мунун ордуна нике тоюнда жаштар өз улутунун кийимдерин кийип чыгышы керектигин, обужок эле европалаша берүү улуттук өзгөчөлүктү жоюп эле тим болбостон, улуттун каада-салтына зыянын тийгизерин айитканын кабарлады.
XS
SM
MD
LG