Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

14:20 Чүйдө бюджеттик мекмелерде «Ак жол» партиясына күчтөп киргизүү башталды


Бул туурасында Москва районунун тургундары билдиришти. Айыл тургундарынын айтымында жергиликтүү бийлик ээлери өз кызматына таянып, бюджеттик кызматкерлерди «Ак жол» партиясына мүчө болууга мажбурлап жатат. Көпчүлүк адамдар шайлоонун таза өтүшүнө ишенбейт. Себеби 21- октябрда өткөн референдумда одоно мыйзам бузууларга жол берилип, административдик ресурс катуу колдонулган. Сурамжылоо көрсөткөндөй негизги сын айыл өкмөт башчыларына айтылды.Бирок Аксуу айыл өкмөтү Эстен Рыскелдиев тургундардын мындай пикирине макул эмес. Анткени шайлоо комиссияларынын ишине жергиликтүү бийлик кийлигишпейт. (JJ)

XS
SM
MD
LG