Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

ДАЛАЙ-ЛАМА КЫРГЫЗДАРДЫ БАЙЫРКЫ ЭЛ ДЕП БИЛЕТ


13-14- ноябрда Дели шаарында дүйнөлүк ынтымак, тынчтык, биримдикке чакырган Дүйнөлүк ыйык мунара имаратынын ачылыш аземи болуп, ага кыргызстандык коомдук ишмерлер Дастан Сарыгулов менен Анарбек Усупбаев катышып келишти. Анда Нобель сыйлыгынын ээси Далай-Лама ноябрда кыргызстандык меймандарды кабыл алып, кыргыздарды байыркы эл катары билээрин айткан жана Будда сак элинен чыккан даанышман экенин билдирген.

Делиде курулган Дүйнөлүк ыйык мунара имаратынын бийиктиги 40 метр болсо, туурасынын узундугу 120 метр. Аны куруу идеясы 1978-жылы жаралып, Азия аймагындагы бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери демилгени колдоого алышкан. Дүйнөлүк ыйык мунара имаратынын аземине Азия, Африка, Америка жана Европадан миңден ашуун өкүл катышкан.

Мурдакы мамлекеттик катчы, коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун пикиринде дүйнө калкын ынтымак, биримдик, тынчтык жана ыйманга чакырган имараттын ачылышында бардык дин өкүлдөрү жаратылыштын тең салмактуулугун, байлыктарын сактоо тууралуу ой-пикир, сунуштарын ортого салышты. Анын айтымында Далай-Лама Будда сак элинен чыккан даанышман деп, кыргыз элинин байыркы эл экенин баса белгилеген.

“Манас-ордо” корунун жетекчиси Анарбек Усупбаевдин айтымында ошондой эле Далай-Лама менен жолугушууда жалпы дүйнөлүк көйгөйлөрдү чечүү, жаңы философиялык көз караштар жана идеялар, теңирчиликке байланыштуу маселелер да козголгон.

“Теңир ордо” улуттук кенчтерди сактоо корунун президенти Дастан Сарыгулов «Манасты жомок деп айтууга болбойт» дейт. Себеби дүйнө калкынын бир дагы улуу даңазалуу инсандарынын аты менен аталган башка өлкөлөрдө бир нече жер-суу аттары жокко эссе. Дүйнө жүзүндө Манастын атын алып жүргөн чоку, көл, дарыя, шаарлар көп.

- Манас бабабыз атындагы Непалда 8128 метр бийиктиктеги чоку, Тибетте көл, Индияда, Кавказда дарыя, Жунгар өрөөнүндөгү Манас көлүнө куйган Батыш Кытайдагы дарыя, Алтайда көл жана тоо чокусу, Өзбекстанда кол менен казылган 300 чакырым канал бар. Францияда Манас аттуу шаар бар.

Далай-Лама менен жолугушууга барып келген “Манас-ордо” корунун жетекчиси Анарбек Усупбаевдин пикиринде кыргыз элинин байыркы рухий мурастарын калыбына келтирүү учур талабы. “Кеңеш доорунда кыргыздардын байыркы тарыхы, жазуулары көңүл сыртында калып, маңкуртка айлануу коркунучуна кабылган. Ошондуктан өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн биринчи кезекте рухий мурастарды, ыйманды кайрып алмайын, көкүрөгү тазартайын экономика оңолбойт. Кыргыз деген касиетибизди толук сезүүбүз зарыл”

Ошондой эле Далай-Лама жолугушууда буддизмден мурда көкөтеңирге сыйынып, жаратылышты көздүн карегиндей сактаган байыркы эл болгонун да белгилеген.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG