Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:49

13:14 Бүгүн түнү Каракөл шаарында Социал-демократиялык партиясынын төрага өрун басары Жусупжан Жээнбеков токмоктолду


Бишкектен Жалалабат шаарына жөнөгөн Жусупжан Жээнбеков 19 жаштагы уулу жана партиянын облустук штаб жетекчиси Батыр Абдразаков менен ушул түнү Каракөл шаарындагы чайканалардын бирине тамактанганы токтогон. “Ал жерден он беш чакты жаш жигиттер: “Тилиңди тартып жүр, Жалалабатта азыр кожоюн ким экенин билесиңби!” деп кыйкырып, бизди токмоктой баштады”, - деп билдирди Жусупжан Жээнбеков “Азаттыкка”. “Бул боюнча Каракөл шаардык ИИМге арыз жазып, шаардын мэринин орун басарына да кайрылдым”,- деп маалымдады Жээнбеков. Социал-демократиялык партиянын төрага орун басары бул кол салууну өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. Жусупжан Жээнбеков Жалалабат жана Талас облустарында губернатор, андан соң өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп иштеп, кызматын 20-ноябрда тапшырган. Ал жетектеген “Мекен биримдиги” партиясы социал-демократтарга ноябрь айынын баш ченинде кошулган. СДПКнын жооптуу катчысы Эдил Байсалов Жээнбековго болгон кол салууну партиялык активисттерди коркутуп-үркүтүү катары баалап, бул иш тезинен иликтенип, күнөөлүлөрдүн жазалануусун талап кылууда. (JTo)

XS
SM
MD
LG