Грузиянын парламенти Ладо Гургенидзени премьер-министрлик кызматка бекитти. Оппозиция жаңы өкмөт башчынын дайындалышын Михаил Саакашвилинин 2008-жылы 5-январда өтө турган президенттик шайлоого даярдыгы катары сыпаттады. Ноябрдын башында Грузияда оппозиция мөөнөтсүз митинг уюштуруп, анын кысымы алдында Саакашвили президенттик шайлоону кийинки жылдын башына белгилөөгө мажбур болгон эле.